Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов өкмөттүн облустагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Эмилбек Алымкулов жалпы жамаатка тааныштырылат.
Кечээ, 5-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кеткен.