Бүгүн, 14-ноябрда парламент Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Куанбек Киргизбаевди жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин колдоду. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Баяндаманы президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев жасады. Мыйзамга ылайык, судьялар үчүн жаш курагынын чеги 70 жаш.