Жылдызбек Исакулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейин аталган кызматты Ренат Түлөбердиев жетектеп келген.
Жылдызбек Исакулов 42 жашта. Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. 2018-жылдын декабрь айында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматына дайындалган.