Өмүрбек Текебаев: "Баары коррупция 2017-жылга чейин болуп келген деп эле токтоп калышат. Мен коррупция азыр да уланууда деп айтам"

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкөдө Бажы кызматындагы коррупция дагы деле жоюла элек деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Кыргыз өлкөсү коррупцияланышкан өлкө. Бардык тармактарда, анын ичинде укук коргоо органдарында, фискалдык органдарда дагы коррупция бар. Кыргыз өлкөсүнүн экономикасын 10-20 жылдан бери колдоп турган валюта булактары төмөндөгүлөр: биринчиден, баңги затын сатуудан түшкөн долларлар. Экинчиден, реэкспорт. Реэкспорттун жардамы менен Кыргыз өлкөсү бүткүл Борбор Азиянын базарына айланган. Мисалы: "Кара-Суу", "Дордой" базарлары. Акыркысы жана эң негизгиси бул - мигранттардан келген акча каражаттары. Кыргыз экономикасынын валютасынын өзгөчө бекем турушунун сыйкырын мына ушул нерселер менен түшүндүрсө болот.

Бизде реэкспорт коррупциялык жол менен болуп келген, жана болуп жатат. Баары коррупция 2017-жылга чейин болуп келген деп, андан кийинкисин айтпай токтоп калышты. А мен айтат элем, коррупция токтогон жок, азыр да уланып келе жатат. Ушунун баарын президент, өкмөт токтотушу керек. Күнөөлүүлөр жазаланышы керек. Бирок жаза тартчулар абдан көп. Бир гана Бажы кызматында эмес, УКМК, прокуратура баары аралашкан. Мындай айтканда, катардагы кызматкерден баштап генералдарына чейин аралашкан. Эгер текшерсе, мыйзамсыз баюу так ошол жерлерден чыгат. Бажыдагы коррупцияга байланышкан журналисттик иликтөөнү президент дагы, депутаттар дагы, коом дагы буйтап өтүп, көз жаздымда калтыра алышпайт, ага укугу дагы жок", - деди Текебаев.

Текебаев: "Бажыдагы коррупция азыр да уланууда"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
chake
2019-11-26 16:29:45
Текебаев мыкты режиссер болуп 30 жыл жогорку бийликти жандап журду, азырынча дагы 2.3 жыл Жээнбековду колдойт анан 1 жыл калаганда ак периште болуп кайра эки жуздуулугун корсотуп чана башатайт мунун сценарий ушундай мен жатка билем
+2
Bektur2011
2019-11-26 17:19:11
chake,туура айтасын! Накта коррупционер ушул Текебаев. Парламенттик шайлоодо укмуш акча жасаган Ата Мекендин алдынкы орундарын сатып
-3
Zidan2
2019-11-26 18:42:43
chake,тооксун деп даана айтам. Жээнбековту сындап эле жатпайбы. Же сенин кулагын кер,козун кор
0
Ernestinio
2019-11-26 16:29:59
бул кишини озу политикага жолотпой эле койуш керек. куулугунан канча жылдан бери журот, эми эс алыныз, жаштарга орун бериниз.
+7
Alimbek1000
2019-11-26 16:30:17
Текенин да катышы бар ошол корррупциялык иштерге. Коррупцияны түп тамырынан жок кылыш керек.
+4
Jaznura
2019-11-26 16:32:59
Текебаев эгемендик убагынан бери эч бир координалдуу өзгөртүү киргизе алган жок. Азыркы Конституцияны кабыл алууда ушул кишинин салымы чоң. Бирок Атамбаев ага да өзгөртүү киргизди. Демек бул да оптималдуу вариант эмес экен. Деги эле Текебаев не вариант.
-4
Kyrgyz_bloger
2019-11-26 16:59:56
Мына эми эркекче чындыкты айта баштады,бийликке кошомат кылганда убактылуу пайда табышы мумкун,дайыма чындыкты айтса тарыхтын алдында жузу жарык болот,коруппция Кыргызстан эгемендуу алгандан бери эле токтобой гулдоп жатат мен эч бир президентти коргобойм и колдобойм дагы бизде жакшы башчылар болгондо биз эчак онукмокпуз,Корея,Сингапурга окшогон бир топ олколор 30-40 жылдын ичинде эле онуккон биз озубузду сооротуп коч бара-бара тузолот,Москва деле бир кундо курулган эмес деп журобуз.
0
ruslanz
2019-11-26 17:40:55
Бек Борбиев,Масалиев,Кыязов бизде коррупция жок деп атпайбы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан