Коронавирус: Францияда электр жарыгы, суу жана газга болгон эсептер убактылуу токтотулду

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдө коронавирус оорусун алдын алуу үчүн жаңы чараларды көрөт. Президент өлкөдөгү электр жарыгына, сууга жана газга болгон эсепти токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Өлкөнүн жарандары каражаты жок калбашы үчүн электр жарыгына, сууга жана газга болгон эсептер убактылуу токтотулат", - деп билдирген Эммануэль Макрон.

Акыркы маалыматтар боюнча, Франция өлкөсүндө коронавирус оорусун 9 миң 54 адам жуктуруп алган болсо, 148 адам бул оорудан каза болгон жана 12 адам айыгып, ооруканадан чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Amai
2020-03-19 12:32:57
Мына мамлекети кушту эли учун иштеген деп айтса болот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан