Аскар Салымбеков, Тимур Файзиев, Зарылбек Нышан уулу - Кыргыз бизнес курамасы мамлекет менен иштешүүгө даяр

Кечээ, 6-сентябрда Бишкектеги Кой-Таш айылында КБК (Кыргыз бизнес курамасы) алгачкы семинары болуп өттү. Семинарга долбоордун авторлору меценат, коомдук ишмер жана "Дордой" ассоциациясынын башчысы Аскар Салымбеков, "Elite House" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси, коомдук ишмер, бизнес-коуч Тимур Файзиев, "Secom" борборлорунун кожоюуну, KMAX жана KTS’тин негиздөөчүсү жана ээси, коомдук ишмер, бизнес-тренер жана активист Зарылбек Нышан уулу, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Нурадил Баясов. Түркиядан келген бизнесмен жана 50гө жакын ишкерлер катышты.

"Пандемия убагында бизнесмендер чогулуп пандемиядан кандай жол менен чыгабыз жана экономиканы кантип көтөрөбүз деген суроо менен ТОП-100кө кирген ишкерлер чогулуп Кыргыз бизнес курамасын (КБК) түздүк. Биздин бул консепциянын өзөгү мамлекет менен ишкерлердин кызматташуусу.

Биздин негизги максатыбыз ушул пандемиядан кийин экономикага кандай салым кошо алабыз? Кандай инвестицияларды тарта алабыз? Канча жумушчу орун түзө алабыз? Казынага канча салым кошо алабыз? деген суроо менен бүгүн чогулуп жатабыз жана мунун баарын кагазга эле жазып койбостон иш жүзүндө көрсөтөлү деп жатабыз", - деди Аскар Салымбеков.

Өз кезегинде белгилүү ишкер Тимур Файзиев КБКнын алдыда чоң-чоң максаттары бар экендигин, өлкө экономикасын көтөрүш үчүн жаңы "Өлкөнү өнүктүрүү бизнес алгоритми" (БАРС) иштелип чыккандыгын айтты: "Мамлекет менен бизнестин биригүү мезгили келди. Бизнес эң мыкты жана эң туура стратегиялык чечим болушу керек. Мыйзамдарды "бизнес" деген сөз менен айкалыштырышыбыз керек. Биз бул жерге бардык мүмкүн болгон негизги ресурстарды бириктирүү үчүн чогулдук. Бүгүнкү жолугушуубуз - мамлекет тарабынан колдоого алына турган жалпы концепция жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк", - деди Тимур Файзиев.

"Ушул жылдын аягына чейин кайсы багытта кандай инвесторлор менен толук иш алып барганыбызды сүйлөшүп, карап, анализдеп жатабыз. Бүгүнкү чогулушта түрлүү талкуулар, ар кандай пикирлер болуп жатат. Ушундай талкуулардын негизинде толук иш-пландар иштелип чыгып, биздин ишкерлерге жана инвесторлорго жардам бергенибизди караштырдык.

Өлкөдө пандемиядан кийин дагы ар кандай көйгөйлөр пайда болду. Ошол көйгөйлөрдүн үстүнөн кандай иш алып барабыз ошол эле учурда көйгөйлөрдү кантип чечип, барьерлерди кантип өтөбүз? деген ойлор дагы бүгүн айтылууда. Биздин КБК жана бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, өзүбүздүн кылып жаткан ишибизге бизнестин пикирлерин дагы кошуп, ошонун негизинде ар тараптуу иш алып барганга дагы өзүбүзгө тийиштүү нерселерди жазып алдык", - деди Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Нурадил Баясов.

"Биз 30 жылдан бери күтүп келген нерселердин ишке ашпай жатканын биз КБКны ачып жатабыз. Мисалы: бир эле нерсени токтобой кайталай берип, бирок ар биринде башка-башка жыйынтыкты күткөн бул балким жиндиликтин көрсөткүчүдеп айтылат да. Башкача айтканда, биз өлкөбүзгө жаңылык киргизмейин Кыргызстанда жаңылык күтө албайбыз. Биз эч кандай саясатка аралашпастан, тынч эле бул иштерди баштадык.

Азыркы учурда өкмөт өлкөнү өнүктүрүү үчүн колунан келишинче аракет кылып жатат.Биздин максат өкмөт менен чогуу жакшылап иштешүү. Азыркы учурда абдан жакшы долбоорлорду иштеп чыгып, аларга инвесторлорду таптык. Мен жакынкы эки айдын ичинде өлкө боюнча сезе башташын каалайт элем жана ошол нерсеге азыр аттануудабыз", - деди бирикмени түзүүчүлөрдүн бири Зарылбек Нышан уулу.

КБКны түзүүчү ишкерлер муну менен кандай жыйынтык көрсөтүүнү каалашат?

2025-жылга чейин Кыргыз бизнес курамасы 40 миллиард доллардык инвестиция тартууну, жеңилдетилген пайыз менен элге насыя берүүнү, 300 миң адамды жумуш менен камсыз кылууну, 2 ишкер түзүүнү пландаштырууда. 40 миллиард доллардык инвестициянын 15 миллиарды инновациялык долбоорлорго багытталат деп пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлдөрү жана Кыргыз бизнес курамасы тобу биргеликте өз ара аракеттенүүнүн 11 пунктун белгилешти. Алар:

1. Барс жана Инвестицияларды илгерилетүү программасын камтыган биргелешкен продукт;

2. Электрондук платформаларды интеграциялоо;

3. КБК жана АПЗИ платформасы аркылуу мамлекеттик жана жеке диалог;

4. Тажрыйба алмашуу;

5. АПЗИи КБКнын инвестициялык кеңешине катышуусу;

6. Инвестицияларды биргелешип издөө;

7. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүү;

8. Аймактарды өнүктүрүүгө биргелешип көңүл буруу;

9. Жалпы суроолор;

10. Инвесторлордун статусун изилдөө үчүн текшерүүчү аянтча;

11. Биргелешкен медиа стратегиясы.

Бардыгы ойдогудай болот.

"Табуунун бир гана жолу бар бул - аракет кылуу. Биз буга ишенебиз. Көздөгөн нерселерибиздин жүзөгө ашырыла тургандыгын, актуалдуу жана көптөн бери күтүлүп жаткандыгын көрөбүз. Алар бул жердеги талкууда кабыл алынды. Биз өкмөт үчүн, бизнес жана калк үчүн жеңилдиктер менен ала турган өнүмдөрдү көрүп турабыз. Муну ишке ашыруу үчүн инвестор жана идеясы, ой-жүгүртүүсү бар адам керек. Биз аларды жөн гана айкалыштырабыз. АПЗИ жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан 200дөн ашуун инвестициялык долбоору бар. Кыргыз бизнес курамасынын 5 миллиард доллардан ашуун инвестициялык долбоорлору бар, биз аларды ишке ашырууну каалайбыз", - деди Зарылбек Нышан уулу .


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2020-09-07 20:57:11
Кендерди чет олколорго бергенден коро озубуздун ички инвесторлорго берип колдоо корсотуш керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан