Кытайда да мас болуп айдап... Бишкекте оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды (видео) 

Бишкекте мас абалда оор жүк ташуучу унааны айдап жүргөн айдоочу кайгуул кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, аларды коркутууга өткөн.

Шаардык кайгуул кызматы тараткан видеодо айдоочу агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, унаадан түшүүдөн баш тартканы көрүнөт. Ал кызматкерлерге ар дайым мас абалда унаа айдаарын, ал тургай Кытайга чейин да ушундай абалда барып келерин айтып мактанган. Мындан тышкары аларды мушташууга да чакырды.

Тартип бузган айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал буга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы маалыматта кошумчаланды.

Бишкекте оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу мас абалында кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан