Кыргызстандын энергетиктери Татарстанда чыңалууда иш алып баруу боюнча окуудан өтүшүүдө

Кыргызстандын энергетиктери Татарстанда чыңалууда иш алып баруу боюнча окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Энергетика министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрлик башка өлкөлөр менен кызматташуунун алкагында энергетика тармагында тажрыйба алмашуу, заманбап технологиялар менен окутууларды жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.
"8 адамдан турган 2 бригада Татарстандын Заинск шаарында 1000 вольтко чейин чыңалуудагы аба, кабелдик электр берүү чубалгыларында жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө жумуштарды алып барууну үйрөнүү үчүн билимин жогорулатып, тажрыйба алмашууда. Мындай пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө чечим “Кыргызстан УЭТ” ААКнын жумушчу тобунун Казань шаарына болгон иш сапарында кабыл алынган. Татарстан тарап, биздин кызматкерлерди бекер окутууга даяр экендигин билдирип кат жөнөткөн. Аталган окутуулар 1-декабрдан 16-декабрга чейин өткөрүлөт. Окутуунун жыйынтыгы боюнча бригадалардын коопсуздугу үчүн чыңалууну жөнгө салуу учурунда жеке коргонуунун жаңы комплекттери менен жабдуу маселеси каралган", - деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан