"Кесиптештерибиздин көбү шайлоо участкаларына эл ташуу үчүн буюртма алып кетишкен"
Бишкек шаарында 29 шайлоо участкасы даярдалган. Мындан тышкары 28 мамлекетте 44 шайлоо участкасы түзүлгөн. Шайлоо участкалары өз ишин таң эрте саат 08:00дө башташты.
Бишкек шаарында шайлоо участкаларында узун кезек күткөндөр, аялдамаларда маршруттук такси күткөндөр абдан көп. Маршруттук таксилер бүгүн адаттагыдан аз санда катташууда. Мунун себебин айдоочулар кесиптештеринин көпчүлүгү шайлоо участкаларына адам ташуу буюртмалары менен жумушка чыгышкан жок деп түшүндүрүштү. Маршруттук каттамы аз, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн Бишкектин көчөлөрү боюнча фоторепортаж бул шилтемеде.
БШКнын төрайымы: "Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын саат 22:00дө беребиз"
Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков бюллетенин 2 жолу салды
Саат 09:00дө өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков №5 мектеп-гимназиясында түзүлгөн №1327 шайлоо участкасында добушун бергени келди.
Сооронбай Жээнбеков кабинага кирип, добушун бергенден кийин автоматтык эсептөөчү урнага келип, шайлоо бюллетенин салып жатканда техникалык мүчүлүштүк болуп, баракча дароо кабыл алынган жок. Өлкө башчыга жардамга келишип, экинчи жолку аракеттен кийин президент шайлоо бюллетенин урнага салды. Жээнбековдун шайлоого катышуусу боюнча видео бул шилтемеде.
Ош шаардык мэриясынын алдындагы шайлоо участкасында элдин узун кезеги орун алды
Ош шаардык мэриясынын алдындагы шайлоо участкасында көптөгөн шайлоочулар топтолуп, кезек талашууда. Алардын арасында кичи автобустар менен ташылган кишилер да бар. Кезекти талашып жаткандар социалдык аралыкты сактабай турушат.
Ушундай эле кезек күтүү Бишкек шаарында дагы шайлоо участкаларынан орун алууда. Бишкек шаарындагы №1064 шайлоо участкасында 300дөй адам кезекте турат. Айрым шайлоочулар кезекте 1 сааттан бери тургандыгын айтышууда.
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов №62 мектеп-гимназиясындагы №1105 шайлоо участкасында добуш берди. Боронов кайсы партияга добуш бергенин айткан жок. "Мен өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштей турган партияга добуш бердим деген ойдомун", - деди Боронов.
Көчмө урнанын жардамы менен 24 миң 472 адам добуш берди
Кечээ, 3-октябрда добуш берүү бөлмөсүнөн тышкары жерде 24 миң 472 адам добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Тактай кетсек, көчмө урна аркылуу ар түрдүү шарттар менен добуш берүү участкасына келе албаган Кыргыз Республикасынын жарандары добуш бере алышат.
Баткен облусунда саат 10:00гө карата 17 миң 796 шайлоочу добуш берди
Баткен облусунда саат 10:00гө карата 17 миң 796 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Добуш бергендер облустагы жалпы шайлоочулардын 6,3 пайызын түзөт. Кайсы райондон жана шаардан канча адам добуш бергени боюнча тизмени шилтеме аркылуу өтүп көрүңүз.
Бишкектин мэри Суракматов добуш бергендердин катарын толуктады
Добуш берип, жарандык милдетин аткаргандардын катарын толуктаган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар мэри №1215 шайлоо участкасына келип добушун бергени маалымдалат.
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен добуш берип кетти
Өмүрбек Бабанов №70 мектепте жайгашкан шайлоо участкасына жубайы жана баласы менен барып, шайлоого катышты. Шайлоодон кийин ал башка шайлоочулар менен сүрөткө түшүп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын суроолоруна жооп берди.
Спикер Дастанбек Жумабеков бюллетенин салган урна бузулуп калды
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жал кичи районундагы №1050 шайлоо участкасына келип добуш берди.
Спикер добуш берер алдында электрондук урна иштебей, кезек күтүү жаралды.
Бул боюнча Дастанбек Жумабеков: "Техника деген техника экен, мүчүлүштүктөр болот. Эң башкысы запас бар экен, 10 мүнөттөй убакыттын ичинде урна башкасына алмаштырылды", - деди.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун манжа издерин сканер тааныбай, бет кабын чечип камерага түшүүгө аргасыз болгон
Социалдык тармактарга президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоого катышып жатканын чагылдырган видео тарады. Анда президент шайлоого участкага келип, документтерди участкалык комиссиянын мүчөлөрүнө көрсөткөн. Текшерүү учурунда сканер Жээнбековдун манжа издерин тааный алган эмес, Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкери президенттен бет кабын чечип, камерага сүрөткө тартуусун суранган, андан кийин систем президентти аныктай алган.
Түзүлгөн кырдаалга карата БШКнын өкүлчүлүгү берген жоопту шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.
Адахан Мадумаров бюллетен салынуучу урнанын жанында эч ким турбашы керек деп нааразы болду
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектеги №1211 шайлоо участкасына барып, шайлоого катышты. Бирок ал шайлоого катышып жатып, акыйкатсыз учурга күбө болгонун айтты. Бул тууралуу Адахан Мадумаров SUPER.KG порталына билдирип, төмөнкүдөй нааразы пикирин билдирди:
"Кудайдын куттуу күнү мыйзам бузуулар болбосун деп айтып келсек да, мыйзам бузулуп жатат" дейт Адахан Мадумаров
Өмүрбек Текебаев паспортун үйүнө унутуп калганын шайлоо участкасына келгенде билди. Ал добуш берди
Бүгүн, 4-октябрда саясатчы Өмүрбек Текебаев үй-бүлөсү менен бирге өзүнүн шайлоо участкасына добуш берүүгө келген. Бирок ал шайлоо участкасына келгенде, паспортун үйүндө унутуп калганы белгилүү болду. Текебаев документ үчүн уулун үйүнө жиберген.
Паспортум башка пиджагымдын чөнтөгүндө калып калыптыр. Азыр баары жакшы, балам документти алып келип, шайлоого катыштым", - деди Текебаев.
Электрондук урнага дүңүнөн бюллетень салган видео тарады
Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө шайлоо бюллетендери салынуучу электрондук урнага 1 аял жана 1 киши кагаздарды дүңүнөн салып жаткан видеосу жүктөлдү.
Видеого ары-бери басып жүрүп түшүп калган жарандардын бет капчан жүргөндөрүнөн улам видео быйыл, эпидемиялык абал учурунда тартылганын баамдоого болот. Бул тууралуу БШКнын азырынча түшүндүрмөсү тарай элек.
"Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев өз тилкесиндеги мектепке уюшулган шайлоо участкасына барып, дубалда илинип турган президенттин сүрөтүн көрүп нааразы болду.
"Кошоматтанып жүрүп мектеп директору, мугалимдер силерге чала. 2-3 миң сомдон алып калгыла", - деди Жапыкеев. Бул сөздөрдү айткан видеосу шилтемеде.
Орусияда шайлоого келгендер 2-3 сааттап кезекке турушту