"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова шайлоо участкасынан чыгарып салынды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып, видео тиркеди. Маалыматка ылайык, аны эч кандай себеби жок эле шайлоо участкасынан чыгарып салышкан.
Видеодо угулгандай, анын аты-жөнү катталган №5271 шайлоо участкасында ал депутаттыкка талапкер экенин айтканына карабай, аны шайлоого катыштырбай, чыгарып салышкан.