4-октябрда Кыргыз өлкөсүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Анда 4 партия 7 пайыздык тоскоолдукту жеңип чыгышты.
Жеңип чыккандардын катарында экинчи сапта келе жаткан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы расмий баракчасына билдирүү жарыялап, марадан жеңип чыкканына сыймыктанып, шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болуп өттү. Бул биздин өлкө үчүн маанилүү тарыхый этап, аны баарыбыз татыктуу өттүк. Шайлоо өнөктүгү жогорку саясий атаандаштыктын шартында өттү. Муну катышуучулар дагы, байкоочулар дагы белгилешти. Албетте, шайлоо мыйзам бузууларсыз болгон жок.
"Мекеним Кыргызстан" партиясы өзүнүн жеңиши менен сыймыктанат, бирок аны чоң жоопкерчилик катары кабыл алат.
Шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучулары үчүн эң башкысы - Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык. Кыргызстандын эли өз сөзүн айтты, муну таануу жана урматтоо керек.
"Мекеним Кыргызстан" партиясы бардыгына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Биз жеңибизди түрүп, өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн иштейбиз деп сөз беребиз. Дагы бир жолу 4-октябрда шайлоо участкаларына келип, өз тандоосун жасаган баарына рахмат. "Мекеним Кыргызстан" партиясы ар дайым өз шайлоочулары менен, эл менен бирге болот!" - деп айтылат маалыматта.