Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу "Ыйман Нуру" саясий партиясы нааразычылыгын билдирип, пресс-конференция өткөрдү. Бул тууралуу партиянын өкүлү билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 4-октябрда саат 23:30да "Ыйман Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков жана партия мүчөлөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу нааразычылыгын билдиришкен. Анда таза шайлоо өткөрүү боюнча бийликтин тарыхый тандоосу бар экендигин, бирок ошону эл колдой албагандыгын жана добуштарды сатып алган партияларга нааразычылыгын айтышкан.
"Биздин партия шайлоого биринчи жолу катышты. Бизди колдоп бергендерге рахмат. Биз үгүт иштерин кеч баштадык, бир дагы добушка пара бербестен кыска убакыттын ичинде ийгиликке жетишкенибиз - биз үчүн чоң сыймык. Бирок бир нерсеге өкүнүп жатабыз. Бул шайлоолор таза өтүшү керек болчу. Ушунча жаштар добуш сатып алган партияларда иштешти", - деген партиянын лидери Нуржигит Кадырбеков.