КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси: "Мурдагы шайлоого караганда чет өлкөлөрдө шайлоо тилкелери көп болду"

Бул шайлоодо чет өлкөлөрдө шайлоо тилкелери көп ачылды. Бул тууралуу КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский брифингде билдирди.

"Байкоочу эмнени көрсө, ошого жараша баалайбыз. Пандемиянын шартында шайлоого ушунча кызыгуу мамиле болорун күткөн эмеспиз. Биздин байкоочу топ татыктуу иштеди. 8 партиянын лидерлери менен жолуктук. 16 партиянын ичинде 8и гана кайрылууга жооп берген. Эл аралык байкоо үчүн шарттар түзүлүп берилди. 2015-жылдан кийин конституциялык мыйзам иштелип чыккан, толуктанган. Көп сандаган өзгөртүүлөр киргизилди. Босого чегин төмөндөтүү болгон. Жаңы саамалыктар болгон. Биздин билдирүүлөрүбүз дагы кенен жарыяланат. Маалыматтарды БШКга калтырабыз. Мурдагы шайлоого караганда чет өлкөлөрдө шайлоо тилкелери көп болду.

БШК өзүнүн максаттарын толук ишке ашыра алды. Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемия шартында олуттуу иш алып барды", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан