Айырмачылыктар бар: шайлоонун алдын ала кол менен эсептелген жыйынтыгы (саат 13:20га карата)

Кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулган. Учурда автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүүдө. БШКнын маалыматына ылайык, электрондук урналардын автоматтык түрдө эсеби юридикалык күчкө ээ эмес. Бирок анын эсеби менен шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын билүү мүмкүн.

Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен эсептелип бүткөндөн кийин аныкталат. Кечээ, 4-октябрь саат 20:00дөн бери добуштарды саноо улантылууда, автоматтык эсептер кол менен дагы саналып жатат. Анын алгачкы алдын ала жыйынтыгы төмөндөгүдөй. Бирок көрсөткүчтөр эсепке жараша улам-улам өзгөрүп турат.

№1 "Биримдик" 20, 28%

№2 "Мекенчил" 7,28%

№3 "Ыйман Нуру" 4,05%

№4 "Мекеним Кыргызстан" 23,87%

№5 "Реформа" 1,32%

№6 "Ата Мекен" 4,46%

№7 "Замандаш" 2,86%

№8 "Бүтүн Кыргызстан" 6,28 %

№9 "Социал-Демократтар" 2,24%

№10 "Мекен Ынтымагы" 0,99%

№11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" 015%

№12 "Ордо" 0,24%

№13 "Бир Бол" 3,24%

№14 "Республика" 7,15%

№15 "Кыргызстан" 9,12%

№16 "Чоң Казат" 3,13%

№17 Баарына каршы 1,08%.

Автоматтык түрдө эсептеген урналардын эсеби боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй: (саат 11:00гө карата)

№1 "Биримдик" 24,5%

№2 "Мекенчил" 6,85%

№3 "Ыйман Нуру" 3,35%

№4 "Мекеним Кыргызстан" 23,88%

№5 "Реформа" 1,65%

№6 "Ата Мекен" 4,03%

№7 "Замандаш" 2,15%

№8 "Бүтүн Кыргызстан" 7,13 %

№9 "Социал-Демократтар" 2,13%

№10 "Мекен Ынтымагы" 0,63%

№11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" 0,15%

№12 "Ордо" 0,22%

№13 "Бир Бол" 3,03%

№14 "Республика" 5,79%

№15 "Кыргызстан" 8,76%

№16 "Чоң Казат" 2,34%

№17 Баарына каршы 1,79%.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mashyrbek
2020-10-05 13:44:16
Мекенчил партия отдубу ошондо7% пайыздан
0
SHahabidin-jabborov
2020-10-05 13:46:59
Тушунбодум!
0
sultan_bek
2020-10-05 14:04:25
Сооронбай кет. Элдин добушун уурдап алдын. Соке элдин добушун кайтарып бер.
+1
JaneEr
2020-10-05 14:06:39
Мекенчил оттубу жокпу эл-журт?
+1
Muratsatybaldiev
2020-10-05 14:22:41
Мекенчил өттүбү
+1
jergetal
2020-10-05 16:13:13
Мекенчил өтө элек 6.85 пайыз болуп турат 7 пайыздан өтсө анан өтөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан