46 шайлоо тилкесинен добуш берүүнүн жыйынтыктары келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын ичинде 45 шайлоо тилкеси чет мамлекеттерде, бирөөсү Баткенде. Жалпысынан 98,14 пайыз шайлоо тилкесинен добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат келе элек.
Кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулган. Учурда автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүүдө.
Көрсөтүлгөн убакытка карата 4 партия босого чегинен өттү. Алар: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан".