Кечээ, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун күнүн белгиледи. Ага ылайык, шайлоо 20-декабрда өтөрү маалымдалган.
Бүгүн, 22-октябрда "Жашылдар" саясий партиясы биринчилерден болуп шайлоого катышуу боюнча табыштама бергенин БШКдан билдиришти.
2020-жылдын 6-октябрында БШК алдыда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.