Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден арыз келип түшүүдө. Бүгүн, 31-октябрга карата 3 талапкерден арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Алар:
Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), "Аурдин" ЖЧКсынын директору.
Назарбек Нышанов, "Лига-Антикризис" коомдук бирикмесинин президенти.
Кубан Чороев, "Байыркы көчмөн цивилизациясы" тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу" коомдук фонду башкармалыгынын төрагасы.
Эске сала кетсек, 30-октябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.
Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерлигин койсо болот.