"Садыр Жапаровдун аткарган иши купулума толду". Бакыт Бакетаев президенттикке талапкерлигинен баш тартты

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бакыт Бакетаев президенттикке койгон талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саясат таануучу өзү билдирди.

Анын айтымында, талапкер Садыр Жапаровдун пайдасына шайлоого аттануудан баш тарткан.

"Президенттин милдетин аткаруучу бир ай ичинде көптөгөн жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Анын аткарган иштери менин купулума толду. Буга байланыштуу шайлоого катышуудан баш тартууну чечтим. Мен өз талапкерлигимди алгачкылардан болуп көрсөткөнмүн. Жапаровдун пайдасына алгачкылардан болуп талапкерлигимден баш тартып жатам", - деди Бакетаев.

Мындан сырткары саясий талдоочу бардык талапкерлерди үгүт иштерин онлайн жүргүзүп, эл кыдыруудан баш тартууга чакырды.

"Пандемия учурунда эл аралап үгүт жүргүзбөөгө, жер-жерлерден үгүтчүлөрдү жалдабоого бардык талапкерлерди чакырам. Анткени эл чогулган жерде вирустун тарап кетүү коркунучу жаралат жана үгүтчулөр иштеген жерде сөзсуз добуш сатып алуу болду деген шек жаралат", - деди Бакетаев.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Соорокулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов жана Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан