Бүгүн, 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы үч жаран арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар: Акжолтоев Тынчтык Акжолтоевич, 1984-жылы 18-майда төрөлгөн. Жеке ишкер;
Эркетаев Айбек Шарабидинович, 1976-жылы 7-августта төрөлгөн. Убактылуу иштебейт;
Энназаров Санжарбек Арзыкулович, 1975-жылы 9-июнда төрөлгөн. "Дари Строй" ЖЧКсынын директору.
Муну менен президенттик шайлоого катышуу үчүн жалпы 45 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.