Президенттикке талапкерлер 3 учурда күрөө акчасын кайтарып ала алышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге БШКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоочулардын 1 пайыздан кем эмес добушуна ээ болгон талапкерлер күрөө акчасын кайтарып алса болот. Ал үчүн шайлоо өткөндөн кийин 10 күндүн ичинде талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзгөн булактарды, короткон чыгашаларын ачыктап, БШКга кайрылышы керек.
Ошондой эле БШК каттоодон баш тарткан талапкерлердин да күрөө акчасы кайтарылууга тийиш экендигин белгиледи. Мындан сырткары, бюллетендер даяр болгонго чейин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер да күрөөсүн кайтара алышат.
"Талапкерлерге кайтарылбаган каражаттар мамлекеттик бюджетке которулат", - деп айтылат маалыматта.