Теледебат: "Кыргыз өлкөсүнө кандай башкаруу формасы керек?" деген суроого президенттикке талапкерлердин жообу

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)
Бүгүн, 28-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышууда.

Суроо: "Кыргыз өлкөсүнө мындан ары өнүгүү жолун тууралап кетүү үчүн, кандай башкаруу формасы керек?"

Талапкер Канатбек Исаевдин жообу: "2010-жылга чейин толук кандуу президенттик башкаруу болду, ал үй бүлөлүк кландык системага айланды. 2010-жылдан кийин парламенттик-президенттик аралаш системаны кабыл алганыбыз менен, иш жүзүндө бардык маселени президенттер чечип келген. Өкмөт формалдуу түрдө гана экономикага жооп берген. Акимдин орун басарын дагы өкмөт башчылар чече алган эмес. Биз үчүн парламенттик башкаруу формасы өтө маанилүү анткени коррупциянын башы - бир колго бийликтин баарын берип койгондон башталат. Тең салмактуулук болушу керек".
Талапкер Клара Сооронкулованын жообу: "Баш мыйзамда аралаш форма же парламенттик форма деп жазылганы менен реалдуулукта 30 жылдан бери супер президенттик башкарууда жашадык. Буга чейинки супер президенттик башкаруу эмнеге алып келгенин баарыбыз жакшы билебиз. 2010-жылы президенттин конституцияда жазылган 20дан ашык укуктарын кыскартканбыз. Бирок бул баш мыйзам иштеген жок. Шайланып келген президенттер баш мыйзамга карама-каршы иштеди. Бизге азыр парламенттик башкаруу гана керек. Анткени тарыхтан сабак алышыбыз керек".
Талапкер Адахан Мадумаровдун жообу: "Биринчиден, кеп кандай системада эмес, кандай коомдо. Коом өзүнүн ыйгарым укуктарын кантип аткарат? Коом кандай парламентти,кандай президентти шайлайт? Кеп ушунда. Биз жоопкерчиликти тең салмактуу көрүшүбүз керек. Парламенттик башкаруу болобу же президенттик башкаруу болобу коом жоопкерчиликти кошо сезбесе, анда эч кандай система, түзүм жардам бере албайт. Мыйзамдуулукка баш ийген жетекчилерди шайлоо жолу менен гана өссөк болот"
Талапкер Аймен Касеновдун жообу: "Биз чыныгы элдик башкаруу системине өтүшүбүз керек. Парламенттик болобу, президенттик болобу бул бизге өткөөл система болушу керек. Эмне үчүн? Элдик башкарууга өтүүгө ыкма беребиз. Алсак, элдик курултай, жөн гана 120 депутат көзөмөлгө албай, эл баарын көзөмөлгө алышы керек. Телефондун ичине киргизип койсок, бардык жарандар депутат катары бийликти көзөмөлгө алышат. Бирок буга этап этабы менен өтүү керек. Биринчиден, көзөмөлгө алабыз, үйрөнөбүз, институттарды түптөйбүз. Андан кийин элибиз көнгөндөн кийин чыныгы элдик башкарууга өтүп кетишибиз керек, тагыраагы электрондук курултай системи болот"
Талапкер Бактыбек Калмаматовдун жообу: "Башкаруу системин талашуу - бул "орок менен орой албаган, орок тандайт" дегенге барабар. Маселе башкаруу системинде эмес, маселе 29 жылдан бери мамлекетте иштетилбей жаткан люстрацияда. Маселе добуш сатууда жана добуш сатып алууда. Масаеле административдик ресурсту колдонууда. Мамлекетти президент да, өкмөт да, парламент да башкарган жок. Мамлекетти криминалдар, кландар, олигархтар башкарып жатат. Ошондуктан, биз Конституциядан тышкары жашоого мажбур болуп жатабыз. Кандай гана башкаруу формасы болбосун, биз кландардан, олигархтардан, коррупционерлерден, криминалдан ажырабасак, кутулбасак мамлекет ордунан 30 сантиметр жылбайт"
Талапкер Каныбек Иманалиевдин жообу: "19 кылым дүйнөдө эмирлердин, султандардын, императорлордун кылымы болгон. 20 кылым президенттик институт менен генерал, секретарлардын кылымы болду. 21 кылым дүйнөдө бул парламентаризмдин кылымы. Акыркы 10 жылда бүт төңкөрүштөр башкаруу формасы президенттик болгон өлкөлөрдө болду. Кыргыз өлкөсүнүн келечеги бул - таза шайлоо, чыныгы парламентаризм жана жоопкерчиликтүү Жогорку Кеңеш, адилеттүү сот системи. Бизге профессионал, атаандаштык менен келген парламент керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
patriot.kg94
2020-12-29 00:23:55
Президенттик башкаруу керек деп жургон Мадумаров кеп кандай системада эмес деп калыптыр го уят эле дагы Садырды айтып койот созуно турбайт деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан