Президенттик шайлоого 42 эл аралык байкоочу катталды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өлкөнүн президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого ар кандай миссиялардын 42 өкүлүн аккредитациядан өткөрдү. Мындай маалымат БШКнын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

21-декабрга карата БШК тарабынан 23 мамлекеттен, 15 эл аралык уюмдардын атынан келген эл аралык байкоочулар каттоодон өткөрүлдү. Ага ылайык:

Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу;
Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1 байкоочу;
Молдова БШКсынан – 2 байкоочу;
КМШ парламенттер аралык ассамблеясынан – 34 байкоочу;
КМШ Миссиясынан – 4 байкоочу;
Азербайжан БШКсынан – 1 байкоочу.
ЕККУдан – 34
Орусия БШКсынан – 1
К.Аденауэр атындагы фонддон – 1
Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен – 2
Орусиянын Кыргыз жергесиндеги элчилигинен – 2
Монголиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинен – 1
Азербайжандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен – 2
Өзбекстандын Кыргыз жергесиндеги элчилигинен – 2
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен – 6

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан