Кыргызстандык спортчулар 19-20-октябрь күндөрү Гавайи аралынын Гонолулу шаарында өтүүчү NAGA грэпплинг боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу Эрежесиз эр уруш федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирет. “Кыргызстандан аталган мелдешке АКШда буга чейин өткөн NAGA грэпплинг боюнча мелдештерде бир нече жолу жеңип жүргөн күчтүү спортчулар катышат. Биздин спортчулар Чемпиондук кур үчүн да ат салышып калышы мүмкүн”, – дейт Эмил Токтогонов.
NAGA грэпплинг – ичине күрөштүн бардык түрүн камтыган спорттун түрү. Анда спортчулар бири-бирине сокку урбастан күрөш ыкмалары менен же колду кайруу, моюндан муунтуу ыкмаларын колдонуп жеңишке жетсе болот.