Олег Роганов "Азия өлкөлөрү арасында медаль алууга жумшалган каражат боюнча Кыргызстан эң ылдыйда”

Бүгүн, 3-октябрь күнү Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат борборунда Өзбекстанда кайык менен сүзүүдө байгелүү орун алган спортчулар менен машыктыруучулар маалымат жыйын өткөрдү. Анда кайык менен сүзүүдө Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Олег Роганов: “Мындай жакшы жетишкендик үчүн машыктыруучу курамдын бардык мүчөлөрүнө ыраазылык билдирем. Мыкты курама команданын куралышына ар биринин салымы бар”, - деди. Ошондой эле каржы маселесиндеги көйгөйлөр тууралуу: “Жайында Ала-Арча суу сактагычындагы базада, кышында Ысык-Көлдө машыгабыз. Чет жерлерде машыгуу сборлорго чыгууга бизде каражат жок. Азия өлкөлөрү арасында медаль алууга жумшалган каражат боюнча биз эң ылдыйдабыз”, - дейт Олег Роганов. Эске салсак, 26-29-сентябрь аралыгында Самарканд шаарында өткөн кайык менен сүзүүдө кыргызстандык үч спортчу медаль тагынды. Анда эки кишилик кайык менен жарышууда Игорь Дорофеев менен Максим Бондарь күмүш медалга татыса, бир кишиликте Руслан Молтаев менен жаштар арасында Кирилл Бондарь коло медаль жеңген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos7
2013-10-03 21:01:22
Азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан