Кыргызстандык Юрий Краковецкий Дүйнөнүн 12 мыкты дзюдочуларынын катарында

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий 30-сентябрда Алматы шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдештен кийинки Эл аралык дзюдо федерациясынын жаңы рейтингинде Дүйнөнүн 12 мыкты дзюдочуларынын катарын толуктады. Буга чейинки рейтингде 15-орунда болгон Юрий Краковецкий алдынкы ондукка жакындап барууда. Эске салсак, Алматы шаарынын баш байгесинде кыргызстандык дзюдочулардан жалгыз Юрий Краковецкий медаль тагынган. Бардык кыргызстандык дзюдочулардын Эл аралык дзюдо федерациясынын рейтингдеги орду төмөндө:   

12-орун - 812 упай менен Юрий Краковецкий (100 килограммдан өйдө салмакта)

43-орун - 296 упай менен Ислам Баялинов (66 килограмм салмакта)

43-орун - 262 упай менен Чыңгыз Мамедов (90 килограмм салмакта)

73-орун - 119 упай менен Болот Токтогонов (100 килограмм салмакта)

105-орун - 78 упай менен Азат Кубакаев (73 килограмм салмакта)

109-орун - 66 упай менен Адилет Ботоканов (60 килограмм салмакта)

273-орун - 2 упай менен Евгений Слесаренко (81 килограмм салмакта)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан