Кыргызстандык өспүрүмдөр Кореяда өтүп жаткан футбол фестивалына катышууда

Кыргызстандык өспүрүмдөр Кореянын Инчхон шаарындагы футбол боюнча өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан Азия фестивалына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. 3-октябрь күнү кыргызстандык өспүрүм футболчулар Инчхон шаарында биринчи машыгуусун өткөрдү. Аталган мелдешке Кыргызстандан 13 жана 11 жашка чейинки өспүрүмдөр катышууда. Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке 16 өлкөдөн 60 команда катышат. Кыргызстандык 13 жашка чейинки футболчулар С-4 тайпасында монголиялык жана 3 корей командасына каршы оюн өткөрсө, 11 жашка чейинки футболчуларыбыз болсо, B-5 тайпасында Лаос, Кытай жана 3 корей командасы менен ат салышат. Ал эми ошол эле күнү кечинде мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи болуп, ага Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов катышты.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан