Кыргызстандык шахматчылар 11-октябрь күнү Тажикстандын Дүшөмбү шаарында өтүүчү Эл аралык шахмат федерациясынын президентинин байгеси үчүн болгон мелдешке катышат. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, мелдешке Кыргызстандан 4, Өзбекстандан 13, Казакстандан 7, Түркмөнстандан 10 жана Ооганстандан 5 спортчу катышуу ниетин билдирген.