Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов эртең, 5-октябрь күнү украиналык мушкер Владимир Кличко менен орусиялык Александр Поветкиндин беттешинде орусиялык мушкерге күйөрмандык кыларын билдирди. “Александр Поветкиндин жеңиши Ысык-Көл үчүн, жалпы эле Кыргызстан үчүн жакшы жарнак болуп берет”,- дейт Адылхан Бекболотов. Эске салсак, Александр Поветкин бул мелдеш үчүн Ысык-Көлдө машыгуудан өтүп кеткен. Поветкин-Кличко беттеши бокс дүйнөсүндөгү учурдагы эң кызыгуу жараткан беттештердин бири. Мелдеш 5-октябрь күнү Москвадагы “Олимпийский” стадионунда өтөт. Александр Поветкин буга чейин бир да жолу жеңилип көргөн эмес, 2004-жылы Афинада өткөн Олимпиаданын жеңүүчүсү.