Кыргызстандык спортчу Эркинбек Үмөталиев самбо боюнча чеберлер арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

5-6-октябрь күндөрү Болгариянын Бургас шаарында самбо боюнча 35тен өйдө курактагылар арасында самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдешке 15 өлкөдөн 200дөй спортчу катышты. Катышкан кыргызстандык спортчулардан мелдештин М3 бөлүгүндө 62 килограмм салмакта Эркинбек Үмөталиев финалда грузиялык Теймураз Гиоргадзеге утулуп, күмүш медаль менен чектелип, 2012-жылкы чемпиондук наамын коргой албай калды. Дагы бир кыргызстандык спортчу Ильичбек Чокеев мелдештин М2 бөлүгүндө 82 килограмм салмакта коло медаль тагынган. Ошондой эле  мелдештин М1 бөлүгүндө 74 килограмм салмакта ат салышкан Талантбек Жамангулов биринчи эле кармашта жеңилип, медаль үчүн болгон күрөштөн четтеп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан