Мындан ары SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндайт.
Бул жолу бизге мындай баянды Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин 2-шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси, милициянын капитаны Арлен Маамытов айтып берет. Ал милиция кызматында 2000-жылдан бери эмгектенип келет.
Мындан 4-5 жыл мурун Бишкекте таксистти 200 сом үчүн өлтүрүп, талаага таштап, унаасын айдап качып кеткен окуя өлкөнүн туш-тарабына желдей тараган. Бул кылмыштын бетин ачкан каарман шектүү колго кантип түшкөнүн айтып берди.
"2016-жылы милициянын кайгуул кызматында иштеп жүргөндө кечки нөөмөттө элем. Бизге унаа уурдоо боюнча билдирүү келип, блокпостторду кылдат карап жатканбыз.Түнкү саат 00:00 чамасында Гагарин менен Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинен кайрылып баратсак, Хонда Фит унаасы экинчи жолдон кайрылып жатыптыр. Карасам машинанын алдыңкы оң жагы кызыл болуп турат. Артынан кубалап барып токтоттук, анан айдоочунун документин көрдүк. Караңгыда унаанын ичи деле көрүнбөйт да, өзү чоң эле киши экен, ал эми документте арык кичинекей болуп турат. Ошондон байкап, унаадан түшүрүп, фонарик күйгүзүп карасак кийимдери кан. Эмне болду десек унчукпайт. Машинасын ачып карасак ичи бүт кан экен. Бизге досум менен мушташа кетип, мурдум канап кетти деп койду. Досун ал айткан дарегине келип тапкан жокпуз. Анан жакшылап сурай баштадык.
Көрсө биз кармаган айдоочу машинанын ээсин муунтуп, отвертка менен моюнга 2-3 жолу сайып өлтүрүптүр. Андан соң маркумду "Дордой" базары тараптагы мүрзөгө жакын токойго таштап салган. Биз барсак иттер үйүлүп калыптыр. Жансыз дене катып калган, оозуна жалбырак толуп, колдору мыкчылган абалда. Менин оюмча, аны таштап кеткенден кийин маркум соймологонго аракет кылган окшойт.
Кийин кайгуул кызматында иштеп жүргөндө каза болгон баланын агасы мени таанып калыптыр, келип ыраазычылык билдирген.
Бул окуяны улай каарманыбыз позитивдүү бир окуяны эстеди. Аны айткан сайын кесиптештерибиз болуп күлөбүз дейт.
"2010-жылы жазга маал унаа менен кетип баратсак бирөө чуркап келип эле биздин машинага сүзүлдү да, андан ары качып жөнөдү. Биз артынан кубалап, ал болсо түз барып эле кирип кетти. Мен да чуркап түз кирсем, эшиктин артына жашынып калыптыр. Бизди көрө калып кайра артты көздөй качканда чогуу иштешкен кызматкер кармап калды. Көрсө базардан бирөөнүн уюлдук телефонун уурдап, качып баратыптыр. Ошентип кылмышкерди колго түшүргөнбүз. Биздин ордубузда башка унаа болгондо бул жинди эмне сүзүп кетти деп коюп андан ары жолун уламак. Биздики деле жөнөкөй жарандык унаа, бирок ичинде милициялар отурганбыз", - деп эстейт Маамытов.