SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.
Чачына таккан резинкага муунуп...
Бир кыз шектүү катары кармалган. Кайсы берене менен кармалганы эсимде жок. Сотто анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Аны кайра СИЗО-1ге алып бара жатканбыз. Жанында отургандар бир кезде "өзүн-өзү муунтуп жатат" деп кыйкырып калышты. Негизи биз жолдон токтобошубуз керек. Бизге болбойт. Бирок биз жолдон айла жок токтодук. Кыз нес абалда болгондуктан, аябай күчтүү болуп калыптыр. Кадимки эле чачка таккан резинкага муунуп жатыптыр. Адам өлөм десе, оңой эле окшойт го деп ойлоп калдым. Биз аны моюнунан ала коюп сактап калдык. Кийин кыз бизге келип ыраазычылыгын билдирип кеткен. Аз эле убакыт отуруп, акталып чыгыптыр. "Өлүмдөн сактаганыңарга рахмат, ошондо ушунча кыска ойлонуптурмун, эми баары жакшы" деп айтып кеткен.
Колума таяк кармап шектүүнү кубалаган кызматкер
Бул окуя мен курсант болуп окуп жүргөндө болду. Бизди практикага Ленин РИИБине эки баланы жөнөттү. Бир күнү эле сейил бакта бир эркек аялды зордуктоого аракет кылыптыр. Жарым жылаңач кылып чечиндирип жаткан жеринен кызматкерлер экөөнү тең кармап келишти. Кызматкерлер бизди "карап тургула, аялдын айрылган кийим-кечесин алып келели" деп калышты. Жанымдагы бала экөөбүз карап калдык. Ал аңгыча мен дааратканага кирип кеттим. Кайра келсем эле шектүү киши жок. Сурасам берки бала "билбейм" дейт. Сыртка чыксам эле тигил шектүү жолдун ары жагына өтүп алып, кетип бара жатат же колумда дубинка же башка эч нерсе жок. Жолдун ары жагы чытырман токой. Таякты кармап алып артынан кубалап жүрүп кармап келгем.
СИЗО-1ден сотко алып келгени жатсак каза болуп калган шектүү
"Көбүнчө баш коргоо чарасы каралгандан кийин адамдар эсин жоготушат. Аларга биз дарыгер дагы болуп жүрүп көнүп калганбыз. Бир жолу СИЗО-1де жаранды сотко алып чыгалы деп жатсак каза болуп калды.
Биз ал күнү маркумду СИЗО-1ден сотко алып келгени келгенбиз. Унаага салып жатканда ал өзүн жаман сезгендиктен, мага кызматкерлер абалы начар экен деп телефон чалышты. Мен ошол замат кызматкерлерге "аны унаага салбагыла, ошол замат СИЗО-1дин дарыгерлерин чакырып, көрсөткүлө" деп айттым. Унаа дарбазадан бери чыгайын деп калган, кайра артка киргиздим. Ал бирок медицина кызматкерлери келгенге чейин эле үзүлүп кетти. Эгер унаа бери чыкканда каза болсо, анда жоопкерчилик бизге каралмак. Ал жерде СИЗО-1дин кызматкерлери жооп берип калышты.
Кудай сактасын, биздин жумушта бирөө качып кетсе же башка окуя болсо, алардын ордуна өзүбүз отуруп калышыбыз толук мүмкүн", - дейт Анарбек Дөлөтбаев.