Кыргызстандык өспүрүм футболчулардын катышуусунда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында футбол фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Мелдешке катышкан кыргызстандык өспүрүм футболчулар 13 жашка чейинкилер арасында өз тайпасында жеңүүчү аталган. Ал эми 11 жашка чейинки өспүрүмдөр жеңиштен бир кадам алыс токтоду. Мелдештер 6-октябрь күнү жыйынтыкталып, 7-октябрь күнү катышуучу өспүрүмдөр Сеулдагы корей айылында болушуп, алар үчүн түрдүү оюн-зооктор уюштурулду.