Дүйнөлүк спорт: Бокс боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону Василий Ломаченко профессионалдар арасындагы биринчи беттешине даярданууда

Украиналык боксчу 2008-жылы Пекин жана 2012-жылы Лондон Олимпиадасынын жеңүүчүсү Василий Ломаченко (60 килограмм салмакта) профессионалдык карьерасын баштоо алдында турат. 12-октябрь күнү Василий Ломаченко биринчи беттешин АКШнын Лас-Вегас шаарында мексикалык Хосе Рамиреске каршы өткөрөт. Беттештин жеңүүчүсү WBO (Дүйнөлүк бокс уюму) версиясы боюнча чемпиондук наамга талапкер болууга укук алат. Василий Ломаченко тарыхта экинчи беттеште чемпиондук наамды уткан биринчи боксчу болууну кыялданууда. Бул боксчунун Олимпиададагы беттештерин көргөндөр “даяр профессионал” деп баа беришкен. Бирок анын Олимпиаданы жеңип, кайрадан 4 жылды текке кетирип, кийинки Олимпиадага катышканы көпчүлүккө түшүнүксүз болгон. Биринчи 2008-жылы Пекин Олимпиадасын жеңгенде эле профессионалдык карьерасын баштаса болмок дегендер азыр да көп. Учурда аны көпчүлүк бокс адистери келечекте профессионалдар арасында да мыкты боксчулардын катарын толуктайт деп ишенимдүү айтышууда.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан