Финляндиянын Турку шаарында 12-13-октябрь күндөрү өтүүчү фехтования боюнча Дүйнө Кубогуна Кыргызстандан 3 спортчу катышат. Бул тууралуу федерациянын башкы катчысы Геннадий Зеленин билдирет. Мелдешке эркектер арасында Роман Петров менен Денис Никитин катышса, кыздар арасында Ирина Кирейчева катышат.