11-октябрь күнү футбол боюнча Кувейт менен өтүүчү жолдоштук беттешке катышуучу Кыргызстан курама командасынын курамы аныкталды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Беттеш саат 16:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Команданын толук курамы төмөндө:
Дарбазачылар: Павел Матяш, Максим Зинченко (экөө тең “Дордой”), Руслан Амиров (“Абдыш-Ата”)
Коргоочулар: Валерий Кичин (“Химик” Орусия), Марат Ажиниязов, Арий Элайджа, Даврон Аскаров, Адыл Бекболотов, Даниель Тего (баары “Дордой”), Тахир Авчиев (“Абдыш-Ата”), Артур Муладжанов (“Алга”).
Жарым коргоочулар: Курсанбек Шератов, Турсунали Рустамов, Вадим Харченко, Ислам Шамшиев (баары “Дордой”), Кайрат Жыргалбек уулу, Азиз Сыдыков (экөө тең “Абдыш-Ата”), Мака Коум Клод (клубу жок), Ильгар Набиев (“Таурас” Литва), Ахлетдин Исраилов (“Динамо” Украина).
Чабуулчулар: Каюмжан Шарипов, Тетте Дэвид Брюс, Мирлан Мурзаев (баары “Дордой”).
Башкы машыктыруучу: Сергей Дворянков (Орусия).