Кыргызстандык эки тай боксчу Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 18-26-октябрь аралыгында өтүүчү уруш өнөрү боюнча II Дүйнөлүк оюндарга катышат. Бул тууралуу КРнын Тай бокс федерациясы билдирет. Аталган мелдешке Кыргызстандан тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жабык имарат ичинде өткөн Азия оюндарында күмүш медаль тагынган Данияр Кашкараев катышат.