Бүгүн Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейт менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Бүгүн, 11-октябрь күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 16:00дө футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейт командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. 10-октябрь күнү башкы машыктыруучулар маалымат жыйын өткөрүштү. Ошондой эле беттешке Кувейт курама командасы 22 жашка чейинки оюнчуларын алып келгени маалым болду. Кувейт командасынын машыктыруучусу Али Аль-Шаммари: “Кыргызстан курама командасы жөнүндө бизге анын АФКнын (Азия футбол конфедерациясы) Чакыруу Кубогунун финалдык бөлүгүнө өткөнү жана курамында чет өлкөдө ойногон оюнчулары бар экени белгилүү. Биздин беттешке болгон тапшырмабыз - алгачкы мүнөттөрдө коргонууга басым жасап, акырындык менен оюнду теңдеп кетүү”,- деди. Ал эми Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Сергей Дворянков: “Өз үйүндө күйөрмандар астында ойноо - биздин футболчулар үчүн чоң жоопкерчилик. Оюнда бир гана жеңиш үчүн аракет кылабыз”,- деп айтты. Эске салсак, Кыргызстан курама командасы бул жолдоштук беттештер менен 2014-жылы өтүүчү АФКнын Чакыруу Кубогунун финалдык бөлүгүнө даярданууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан