Футбол боюнча Кыргызстан командасынын курамына дагы бир африкалык оюнчу чакырылды

10-октябрь күнү КРнын Футбол федерациясы жаңы логотип, курама команда жаңы формага ээ болушкан. Өзгөрүүлөр муну менен гана токтобостон, команданын ички курамында да өзгөрүүлөр болду. Атап өтсөк, бүгүн, 11-октябрь күнү Кувейт менен өтүүчү жолдоштук беттешке ганалык, буга чейин 6 жылдан бери “Дордой” клубунда ойноп келген Даниэль Тэго менен азербайжандык Ильгар Набиев аттуу оюнчу чакыруу алды. Бирок аталган оюнчулар азырынча Кыргызстандын жарандыгын ала элек. Башкы машыктыруучу “бул оюнчулардын биздин курама команда менен өткөргөн беттешинен кийин чечим чыгарабыз” дейт Сергей Дворянков. Ал эми аталган беттешке расмий чакырылган казакстандык “Сункар” клубунун оюнчусу Рауль Жалиловго клуб тарабынан беттешке барууга уруксат берилген, бирок оюнчу келген эмес. Федерация тарабынан эмнеге келбегени такталып, оюнчу жазаланарын кошумчалады Сергей Дворянков. Ошондой эле курама командага буга чейин чакырылып келген Каюмжан Шарипов, Турсунали Рустамов жана Ислам Шамшиевдер беттешке катышпайт. “Аталган үч оюнчу тең Малайзияда өткөн оюндарда жана акыркы “Алга” менен өткөн беттеште жакшы оюн өткөрө алышкан жок”,- деди Сергей Дворянков. Кыргызстан командасынын өзгөртүлгөн курамы төмөндө:

Дарбазачылар: Павел Матяш, Максим Зинченко ( экөө тең “Дордой”), Руслан Амиров (“Абдыш-Ата”).

Коргоочулар: Валерий Кичин (“Химик”, Орусия), Марат Ажиниязов, Арий Элайджа, Даврон Аскаров, Адыл Бекболотов, Даниэль Тэго (баары “Дордой”), Тахир Авчиев (“Абдыш-Ата”) жана Артур Муладжанов (“Алга”).

Жарым коргоочулар: Курсанбек Шератов, Вадим Харченко ( экөө тең “Дордой”), Кайрат Жыргалбек уулу, Азиз Сыдыков (экөө тең “Абдыш-Ата”), Мака Кум Клод (клубу жок), Ахлетдин Исраилов (“Динамо”, Украина), Ильгар Набиев (“Таурас”, Литва).    

Чабуулчулар: Дэвид Тетте жана Мирлан Мурзаев (экөө тең “Дордой”).

Башкы машыктыруучу: Сергей Дворянков (Орусия)

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
o.aza
2013-10-11 14:32:24
Бир экоо эле кыргыз окшойтко булардын.анан кантип курама команда боло алышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан