Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстанда өтүп жаткан мелдеште чейрек финалга чыкты

21-27-октябрь аралыгында Казакстандын Чымкент шаарында өтүп жаткан теннис боюнча Эл аралык мелдеште кыргызстандык Данияр Дулдаев мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирди. Данияр Дулдаев мелдештин 1/16 финалында словакиялык Марек Семянды жеңсе, 1/8 финалда өзбекстандык Шоникматжон Шофайзиевди утуп, чейрек финалга өттү. Азырынча Даниярдын чейрек финалдагы атаандашы белгилүү боло элек. Буга чейин Данияр мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө орусиялык Фёдор Червяков менен бирге биринчи беттеште жеңилип, мелдештен четтеп калган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан