Поэтерапия: "Ишенбейм күйөөң сенин сезээрине, койнунда күн кучактап жаткандыгын"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Балдарга арналган ырлары менен эсте калган алп акын Турар Кожомбердиев Жайыл районундагы Сары-Булак айылында 1941-жылы 22-июнда туулган. Акын көзү тирүү болгондо бүгүн 80 жашка толмок.

Турар Кожомбердиев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1965-1966-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылы "Кыргызстан" басмасында редактор болуп эмгектенген. 1976-жылы Маданият министрлигинин аппаратында да иштеген.

Алгачкы ырлар жыйнагы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен 1961-жылы жарыкка чыгат. Балдар үчүн жазылган китептеринин айрымдары Москвадагы басмалардан жарык көрүп, ырларынын кээ бири орус, украин, казак, беларусь, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас, француз, англис тилдерине которулган. Ал 1989-жылы 49 жашында жүрөк оорусунан каза болгон.

Акындын балдарга арналган ырлары абдан көп. Калемдештеринин айтымында, Турар Кожомбердиев "Көлчүктөгү ай" китеби аркылуу эле кыргыз адабиятына дүйнөгө балдардын көзү менен караган, баланын психологиясын кылдат өздөштүргөн акын катары келген.

Көлчүктөгү ай

Эшикке чыксам укмуш, апа
Ары-бери калтырап,
Чоң көлчүктүн ортосунда
Ай жатыптыр жалтырак.
Басып барып акырын
Колум сунуп батыраак
Жаңы кармап аларымда
Сынып калды чачырап.

Кумурска көргөн тоо

Келатыптыр жумушка
Кыл муруттуу кумурска.

Топчуну алып колуна
Тосуп койсом жолуна:

Тыягынан карады
Быягынан карады.

Аркы-терки ойлоду
Тоо деп аны ойлоду.

Түн ортосунда

Түн ортосу. Өчкөн үйдүн чырагы,
Айлананын уктап жаткан убагы.
Ушул маалда көзүн ачып Токторбек
Апасынан алма бер деп сурады.
- Көрчү, уулум, үйдүн ичи караңгы,
Ушул кезде ойгоо жүргөн калдыбы?
Укта, секет, энекеңди кыйнабай,
Уктап калды алмалардын бардыгы.

Чоңмунбу же...

Бөбөгүмдү ыйлатсам,
Апам мени «чоңсуң» дейт.
Кичүүлөрдү ыйлаткан,
Кантип жакшы болсун дейт.

А чоң болсом эмнеге,
Маалим агай "жашсың" деп,
Албай койду мектепке
Жетиден жашың ашсын деп?

Бөбөктөрдүн суроосу

Күндүн барбы түнөгү?
Курттун барбы жүрөгү?
Кубанганда бизчилеп
Күчүктөр да күлөбү?

Турар Кожомбердиевдин жетимиштен ашуун ырларына обон жазылып, “Энем менен атама”, “Жаңы жылды тосолу”, “Күн чыгышым”, “Булактагы кездешүү”, “Жүрөктү жүрөк тандасын” жана башка ырлары жаралганына канча убакыт болсо да ооздон түшпөй ырдалып жүрөт. Композиторлор, анын арасында Калыйбек Тагаев акындын ырларына мукамдуу кайрыктар өзүнөн-өзү жараларын айткан.

Энем менен атама

Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.

Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.

Силер анда мен күнчөлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.

Ал эне, коломто, от тууралуу көп жазып, эне мээримин даңазалаган акындардын катарында. "Эне жана коломто" деген ырында эне мээрими, сүйүүсү элестүү чагылдырылган. Акын төрт жашынан апасынан айрылган. Кийинки апасы өз энесинен кем көрбөй кастарлаганын акындын бир тууган карындашынын айтканы бар.

Эне жана коломто
Мейли кышта,
бурганактын шаңында
Мейли күздө, мейли
жаздын таңында
Коломтону элестетсем энекем
Күйпөлөктөп отургансыйт
жанында.

Куурай терип, тезек
терип жакканы
Камданчубуз казанга
нан жапканы
Эмнегедир от биздики дечүмүн -
Апамдардын өздөрү
ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү
көөлүү карарган
От күчөөчү коломтого таралган
Эмнегедир от бир буюм сезилчү
Апакемдин колдорунан
жаралган.

Эстен кетпейт
өткөндөрдүн элеси
Малчылардын күнгө
күйгөн денеси…
А мен отту бир
туугандай сезчүмүн
Апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеримде карсылдап тоо
ышкыны
Атам мага мингизчү
көк быштыны.
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү
жонумду
Апакемдин нандан жумшак
муштуму.

Көмөч ысык. Оф! Уф!
Кантем калакай!
Коломтого топтой
ыргыйт малакай!
Энем кайра алып көрүп колуна
Айтчу мага: - Ай тентек
ай, жалакай!

Көп жемишти өлүм күүдү
добулдай!
Сагынычтан көптөн
бери чогулбай.
Кайда кеттиң баарыбызды
унутуп?
Өрмөктөрүң күтүп
калды согулбай.

Уктап жатпа, адатыңдыр
тук этмей,
Жымжырт. Жоопсуз.
Кузгун дагы кук этпей.
Сен сурасаң үзүп алып очоктон
Күйгөн отту сунаар элем
букеттей!..

…Мейли кышта
бурганактын шаңында
Мейли күздө, мейли
жаздын таңында
Коломтону элестетсем энекем
Күйпөлөктөп олтургансыйт
жанында.

Акын жүрөгүн эки гана кызга арнаган. Биринчиси, айылдашы, классташы "А" деген кыз. А`нын көңүлүнө толгон башка да жигит бар экен. Кимди тандаарын билбей эки анжы болуп кыйналып турган кызга бир күнү акын келип минтет: "Бизди тааныштырып кой. Эгер ал сага татыктуу болсо мен жолтоо болбоюн. Татыксыз болсо аны да көрөйүн". Ошентип кыздын көзүнчө эки жигит таанышат. Бир убакта акын жигитти ары жакка алып барып сабап салат. "Сени эми ушуга кыйдым" дейт да, артына карабай жолго түшөт. Бул тууралуу ал өмүрүндө эч кимге ооз ачпаптыр. Экинчи жолу жүрөк жалынын "Т" деген кызга берген дешет. Кыздын атасы эл башкарган атактуу адам экен. Кыз-жигит жаштыктын далай аруу дүйнөсүн аралап, кош булактай ага турган кезде тагдыр тамашасын дагы баштайт. Кыздын "эжеңдин үйүнө барбайм, атам сатып берген үйдө жашайбыз" деген сөзүнө арданган акын андан да баш тарткан экен. Ошол сезим, армандуу ашыктык сезимдер менен кийин нечендеген сүйүү, армандуу махабат ырларын жараткан.

Сезбедиң...

Мейли мен карап турсам, көздү жумсам
Беш колдой элестесиң жатсам, турсам.
Жетпедим канча бачым чуркасам да
Жетпедим канча бийик колду сунсам.

Сезбедиң сүйүү таңы аткандыгын
Сезбедиң сүйүү сөөккө баткандыгын.
Ишенбейм күйөөң сенин сезээрине
Койнунда күн кучактап жаткандыгын.

Күйөөндү сыйлаарсын, да, аярсың да
Сен анын ар ишине даярсың да.
Ага сен жөпжөнөкөй бир кишисиң,
Ага сен жөпжөнөкөй аялсың да.

Баш ийдим тагдырлардын салганына,
Өкүндүм сага жетпей калганыма.
Кошулбайм бирок сүйүү жок дегенге,
Ишенбейм махабаттын жалганына.

Жашыл бойдон калгандар

Эмне чыгат айткан менен жалганды?
Көтөрөсүң тагдыр башка салганды.
Эмнегедир аяй берем өзүмчө
Эне болбой аял бойдон калганды.

Бүбүш аттуу бир келинди билемин,
Билем анын сүттөй аппак тилегин.
Баласы жок, бала десе такылдайт
Сууруп берет бала десе жүрөгүн.

Эң бир элпек ал кишинин мүнөзү
"Бүбүштай" деп сыйлап турат күйөөсү
Анда деле басынгайсыйт, жалтаңдайт,
Бар сыяктуу кечирилгис күнөөсү.

Билем тиги шайыр жеңе Бүкөндү,
Билем тиги кошунабыз Күкөндү.
"Бала" десе башын жерге салышат
Басышкансып жылаңайлак тикенди.

- Болбойт! дешер чуу көтөрүп алгандар
Кантсең дагы тамырлабайт жалгандар.
Дайым менде аянычты туудурат,
Жемиш бербей жашыл бойдон калгандар.

Бакыт

Бакыт бул белек эмес берген бирөө
Бакыт бул жарыш эмес, жалган сүрөө
Бакыт бул бир нерседен баштооч болуп
Бороонго төштү тосуп, карды жирөө.

Бакыт бул буюм эмес жолдон тапкан
Бакыт бул ичик эмес досуң жапкан.
Бакыт бул бир жумуштан алкыш табуу
Малчыбы, сугатчыбы кетмен чапкан.

Бакыт бул сый үй эмес казан аскан
Бакыт бул буйрук эмес тагдыр жазган.
Бакыт бул таман акы, маңдай териң
Башынан аягына өзүң баскан.

Бакытка жетиш үчүн тоңуш керек
Акактап кургагында соолуш керек
Бакытың сулуу кыздай сынчыл неме
Андыктан сүйүүсүнө толуш керек.

Жолу тар бирде чилде, бирде салкын
Билесиң ачуу, таттуулардын наркын.
Күтө бил, сагына бил, кубалай бил
Ошондо түшүнөсүң толук баркын.

Жанды да тобокелге койгун сайып
Кокустан артка кайтпа, кетсең тайып.
Бир күнү байкатпастан бакыт сени
Кучактайт сулуу кыздай, канат жайып.

Сүйүүгө арналган 7 сап ыры

Сенин сүйүүң,
Менин сүйүүм
Бир дайрага бириксе,
Бир бешикке бөлөнсө.
Сүйүүбүздөн ыйык бөбөк төрөлсө.
Ошол бөбөк сүйүүбүздүн мөмөсү,
Ошол бөбөк сүйүүбүздүн төбөсү!

* * *

Экөөбүздүн сүйүүбүз эчак өлгөн.
Экөөбүздүн сүйүүнү, өзүң көмгөн.
Солк эттим
кезигишип капыс жерден,
Чымчыктай уясынан жылан көргөн.
Арфадай дирилдеди бүткүл денем.
Деңизге ыргытылган таш сыяктуу
Селейип кала берди сенин колуң
Ийилип, мага сунган,
мага берген.

Өлүм сүрү

Эр жүрөк болсо дагы өлүш кыйын.
Эркине табигаттын көнүш кыйын.
Табытка өзүң жатып алгансынып,
Таптакыр өлгөн жанды көрүш кыйын.

Өрт жүрөк болсоң дагы өлүш кыйын.
Өлүмдүн келээрине көнүш кыйын.
Өзүңдүн өлөөрүңдү билип туруп
Өлүктү, күрөк алып көмүш кыйын

Арга жок, кемибөөгө бөксөрбөөгө.
Арга жок азайбоого, өзгөбөөгө.
Өзгөчө умтуламын эмнегедир
Өлүмдү мүмкүн болсо эскербөөгө.

Арга жок ажырашып айрылбоого.
Арга жок өкүнбөөгө кайгырбоого.
Өзүмдү алаксытам ар убакта
Өлүмдүн темасына кайрылбоого.

Билип кой

Жашоодо урунасың, кагыласың,
Жакшыга, жамандыкка кабыласың.
Эгерде турмуш жалаң шаттык десең
Эселек, анда катуу жаңыласың.

Жакшылык – жаман менен кезектешип,
Караңгы – жарык менен кезектешип.
Өткөргөн бош күнүңдү сайран куруп,
Өмүрдөн алат тагдыр эсептешип.

Кылымдык жүрүштөргө камданасың,
Кыялкеч санаа менен шаңданасың.
Бийлөөнү бийик максат эсептесең,
Билип кой, түбөлүккө алданасың.

Билбейсиң кантип карып калганыңды,
Билинбей алтымышка барганыңды.
Бекерге жашап өтсөң өмүрүңдү,
Бечарам, ким тыңшамак арманыңды.

Бийиктик

Бирде тайыз,
Бирде түпсүз.
Бирде ийри,
Бирде түптүз.
Бирде тайкы,
Бирде терең.
Бирде таш боор,
Бирде керең.

Бирде кычкыл,
Бирде таттуу.
Бирде мерез,
Бирде шаттуу!
Бирок эч ким
Толук билбес,
Бийиктик бар
Турмуш аттуу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан