Поэтерапия: "Мончогуңду моюнуңдан санайынчы, Айданек?! Көлөкөңдү көтөрүп алайынчы, Айданек?!". Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин өмүр баяны жана ырлары

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын каарманы - Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин.

Эл акыны 1960-жылы 18-февралда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алайку өрөөнүнүн Көгарт кыштагында туулган. 1977-жылы айылдагы Андрей Сидоров атындагы орто мектепти аяктаган соң, эмгек жолун Оштогу текстиль комбинатында жумушчу болуп иштөө менен баштаган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн, 1993-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун эки жылдык жогорку адабий курсун бүтүргөн.

"Кыргызстан", "Адабият" басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда чыгармачыл жаштар менен иштөө секциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын өкмөт аппаратында референт, өкмөттүк "Эркин Too" гезитинде башкы редактордун 1-орун басары болуп иштеген.

2010-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары, 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү дипломатиялык кызматын аткарууда.

Кожогелди Култегиндин алгачкы чыгармалары 1976-жылдан – мектеп жашынан баштап гезиттерге жарыялана баштайт. Поэзия дүйнөсүнө эртелеп аралашып, 1982-жылы "Ала-Too поэзиясы" фестивалынын, 1986-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык III жумалыгынын лауреаты болгон. 1989-жылы Бүткүл союздук жаш акын-жазуучулардын Москвада өткөн семинар-кеңешмесине катышып, ошол семинар-кеңешменин жолдомосу менен СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Ал "Жолчырак" (1985), "Шамалдагы үн" (1989), "Дарбаза жолго ачылат" (1993), "Бал ууртам" (2001), "Жүрөк конуш" (2008), "Бир чөнтөк ыр" (2009), "Салам менен аликтин ортосунда" (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014), “Каламдын учу – ааламдын учу” (2017), “Атчан китеп” (2019) аттуу ыр жыйнактарынын автору. 2020-жылы Чыгармаларынын беш томдугу кыргыз тилинде Түркиянын Анкара шаарында жарык көргөн.

Түркиядан ошондой эле түрк тилинде 2018-жылы “Köklerden Kanatlara Kadar”, 2020-жылы “Bursa Çınarı” аттуу ыр китептери жарык көргөн. Ушул эле жылы казак тилинде “Жүрек қоныс” деген ат менен, Түрк дүйнөсүнүн 7 тилинде – азербайжан, түрк, якут, өзбек, казак, кыргыз, башкырт тилдеринде “Avuçtaki Dünya” деген ат менен китептери басылып чыгып, адабий коомчулукта кызыгуу жаратты.

Кожогелди Култегиндин орошон эргүү менен жазылган “Контаажынын сүйүүсү”, “Шыпыргы өмүр”, “Каректе калган жай”, “Мөөркан апа”, “Башка чабылган скрипка” поэмалары, “Курманбек” дастаны – акындын эпикалык жанрларда дагы ийгиликтүү иштеп келе жаткандыгынын далили.

Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз улуттук драма театры тарабынан 2001-жылы анын “Түндүктү ким көтөрөт?» аттуу драмасы боюнча спектакль коюлган. Ал эми 2021-жылы акындын «Шыпыргы өмүр» поэмасынын негизинде Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры ошол аталышта спектакль даярдап чыгарышкан.

Кожогелди Култегиндин Кожо сөздөрү (Таамай сөздөрү) эл оозуна арбын алынып келаткандыгы ырас. Ошондой эле «Ыр маанилүү кара сөз» эсселер түрмөгү дагы анын чебер калемине таандык.

Кожогелди Култегин көп жылдардан бери көркөм котормо жаатында жемиштүү эмгектенип келет. Орус акындары Афанасий Феттин, Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Андрей Вознесенскийдин, Роберт Рождественскийдин, Евгений Евтушенконун, Юрий Кузнецовдун, испан акыны Xуан Рамон Xименестин, түрк акындары Каражаогландын, Назым Xикметтин, Нежип Фазылдын, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, болгар акыны Любомир Левчевдин, Азербайжан акындары Имадеддин Насиминин, Хүсейин Жавиддин, казак акындары Магжан Жумабаевдин, Мухтар Шахановдун, Мукагали Макатаевдин, Темирхан Медетбектин көптөгөн ырларын кыргыз тилине которуп, китептеринде жарыялап келүүдө. Жакында Азербайжан драматургу Хүсейин Жавиддин «Азезил», «Аксак Темир», «Хайям» аттуу көлөмдүү драмаларын окумуштуу Калмамат Куламшаев менен бирге түрк тилинен кыргыз тилине которуп, китеп басылып бүттү.

Кожогелди Култегиндин бир катар ырларына Исирадин Аманбаев, Адылбек Кыязов, Кубанычбек Осмонов, Сардарбек Жумалиев, Атайбек Бөдөшев, Болот Токтобаев, Сыймык Бейшекеев, Арзыбек Бедияров, Нуркан Турсунбаев, Абас Чикеев, Кенжекул Мендебаиров, Юсуф Гүл (Түркия) сыяктуу обончу-композиторлор обон чыгарышып, алар эл оозунда ырдалып жүрөт.

Кожогелди Култегинге 1995-жылы "Дарбаза жолго ачылат" аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы "Бал ууртам" китеби үчүн Жолон Мамытов атындагы сыйлык берилген. Ошол эле жылы Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу болгон. 2017-жылы Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министрлигинин “Маданияттын мыктысы” төш белгисине татып, 2019-жылы Чыңгыз Айтматов Академиясынын академиги болуп шайланган.

Ага Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 2004-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы, 2016-жылы Кыргыз Эл акыны жогорку наамы ыйгарылган. 2020-жылы акындын 60 жаш мааракеси Түркиянын Анкара шаарында эл аралык деңгээлде белгиленип, ТҮРКСОЙдун “Ардак” алтын медалы менен сыйланган.

Эл акыны жазылган ырларынын жаралуу тарыхын айтууну каалабайт. Акындын айтымында, ыр сырдуу болуш керек. SUPER.KG порталы Кожогелди Култегиндин бир нече ырларын окурмандарга сунуштайт.

АЙДАНЕК

АЙДАНЕК
Секин, секин билгизбей,
сени бойго жеткирген,
секет болуп кетким бар
сезимтал бу мезгилден!

Ат чаап барып эңе алгыс
акак гүлсүң, Айданек.
Агайыңдын дардинда
жашап жүрсүң, Айданек.

Мончогуңду моюнуңдан
санайынчы, Айданек?!
Көлөкөңдү көтөрүп
алайынчы, Айданек?!

Майда шибер, майин жел
мамык болот, Айданек.
Бир кашкайсаң – бир кылым
жарык болот, Айданек.

Кунан минип куушуп биз,
курдаш болуп өтсөкчү?!
Шыбырарда бир жыттап,
сырдаш болуп өтсөкчү?!

Улууларга зор таалим –
уялганың, Айданек.
Улуулуктан тайдырат
буралганың, Айданек!

Мончогуңду моюнуңдан
санайынчы, Айданек?!
Көлөкөңдү көтөрүп
алайынчы, Айданек?!

Майда шибер, майин жел
мамык болот, Айданек.
Бир кашкайсаң – бир кылым
жарык болот, Айданек.

АЛАКАНЫҢ АЛАКАНЫМДА

Алаканың алаканымда –
алоо каның алоо канымда!
Сунуп турсам сурнай-ырды мен,
сундуң мөлтүр ага кайырма.

Билектериң билектеримде –
тилектериң тилектеримде!
Тике карай албай мен дагы,
титирегем дир-р эткениңде!

Салааларың салааларымда –
санааларың санааларымда!
Сап-сап ырдай сага өтүп тур
зарары жок кара жаным да!

Жалынычың жалынычымда –
жагылышың жагылышымда!
Жалын-оту сактап сөздөрдүн
жалаңкатчан калдык кышында!

Эриндериң эриндеримде –
эриир жериң эриир жеримде!
Эзилишип... эпчип... бүлбүлдөп...
эки миң жыл бердик кеминде...

ҮЙ

Болбосо да босогого кагылган,
болбосо да тутка, такак тагылган –
окшоп турат адам дайым каалгага
орду менен ачылган да, жабылган.

Турбаса да карап жалгыз багытты,
тутунбай да арбын көздү – калыпты,
адам, ооба, терезенин өзүндөй –
ар дайыма ичке тартып жарыкты.

Жасалса да кыштар менен кыналбай,
жасанса да ылай менен шыбалбай,
адам деген абдан окшош дубалга –
суук киргизбей, жылуулукту чыгарбай.

Жүрөгүндө үмүт, сүйүү, бата бар,
жүрөт иштеп жарык менен катар ал.
Үйлөр дагы үйгө эгедер коргоочу,
үйдүн үйү – үтүр-баштуу адам ал!

КӨРҮНГӨНҮҢ СЕНИН – БИР БИЛЕМ...

Көрүнгөнүң сенин – бир билем!
Көкөлөгөм чарпып жинди дем!
Көңүлүмдөн көчкү “күү-ү!” түшүп,
көмүп салдым, кокуй, кимди мен...

Тиктешкеним капыс – бир билем!
Титиреген кезде кирди дем!
Келбесинчи эл-журт ортого,
кетишерин күйүп – билдирем.

Сүйлөшкөнүм анан – бир билем!
Сүрдөгөндө барып кирди дем!
Сүйүү-Тоосу жакка бурулдум
сүдүрөп да, сүйрөп тилди мен.

Таанышканым тактап – бир билем!
Так үстүдөн башым ийдим эң –
алма саткан аркы немече
алдыга үйүп-тизип ырды мен...

ДӨӨТҮ ПАЙГАМБАРДЫН ҮЙҮНДӨ

Пенделерге ар күнү белен сыноо,
бергени да, алганы терең сыр-оо!
Ачуулантты Дөөтүнү – Пайгамбарды
“Адилетпи Аллабыз?..” – деген суроо.

Аял сезбейт аша чаап баратканын:
“Айоосуз бир ташбоорбу Жаратканым?”
Жүйө сурап, Пайгамбар айттырууда
жүрөгүн не мынчалык канатканын:

“- Багы тайкы аялмын жесир калган,
бажырайган үч кыз бар эсил жандан.
Өмөчөктөп жүн тытып, жип ийрийбиз,
өксүк болуп калбаска кесим нандан...

Көтөрүнүп базарга бара жатсак,
көөнө жолдо көк ызгаар, кара баткак...
Көктөн шау-у жапырып дөө куш келип,
көрөр күндү – жиптерди ала качты-ах-х...

Кайсыл ырыс, кай наарга назар атты?!
Кайсыл кылган күнөөгө жазалатты?
Адам уулу ишенбей турган ишти
Алла-Таала эмей, ким жасамакчы?

Байкуш болуп... ач калып... каар тооруду...
баш көтөрбөй, кыздарым баары ооруду...” –
Пайгамбардын артында Жаратканым
пайлап турган сыңары жалооруду.

Бечаранын көңүлүн жубатмакка,
берейин деп кырк динар чубап жатса –
карбаластап он киши кирип келди
карк кылышып Алланы ырахматка.

“-Амансызбы, Алланын Пайгамбары?!
Алдыңызда деңиздин палбандары!
Аман калып алаамат добулдарда –
Аллабыздын күчүнө айран баары!

Желмогуздай толкундар жалтандырып...
жел тоскучу кеменин ча-арт айрылып –
өзөн-казан түпкүргө айдап кетти
өлүү-тирүү экенди арсар кылып...

Калдайган куш кайдандыр пайда болуп,
калдак-кулдак жиптерди жанга коюп...
Желтоскучту жабылып жамадык да,
жээкке чыгып келдик биз кайра толук!

Канча мерте көрдү экен адал-акты?
Кайсы сооптуу иштерге назар атты?
Адам уулу ишенбей турган ишти
Алла-Таала эмей, ким жасамакчы!

Жүрөктөргө толуп тур жарык, кеңдик,
жүз динардан садага салып келдик!
Соодагербиз. Зар жанга бересиз го –
Алкыш айтсын Аллага – алып... сергип...”

Кырдаал ушул сүйлөттү Пайгамбарды:
“-Кылынган бул иштерге айлам барбы?
Миң динарды сага, аял,берди Кудай,
мына кыркты менден ал – пайдам жарды...

Аллага шек кылгандын назары ачпы?
Ага болбой үйрөтөт адал-акты!
Адам уулу ишенбес бул ишти да
ал жасабай, анан ким жасамакчы...”

БАЛАЛЫКТЫН БАЛ-КЫЯЛ

Окуу эле биздин дүйнөбүз,
олжо эле бизге үйрөнүш.
Бирөө бар... коңшу турсак дейм
“Ф” тамга сымал үйдө биз.

Балалык деген алтын чак
бал кыял менен талпынтат –
“Т”нын дейм эки жагында
турникке катар тартылсак.

Болбосо... көңүл желептеп,
боор ооруп качан келет деп –
кыйналам тиктеп кыз жакты
“Г” болуп колду серептеп.

“Р” тамга – колдо желек да,
ырдасак – бүтпөш керек да!
“К” (ка) болуп ага баратсам,
“Я” болуп мага келатса!

Арнашып белек – “Н” (эн) болсок,
кармашып колду – “М” (эм) болсок.
Батынбай тике карашка,
бактыга бирок тең болсок!

Кыял-ой күчөйт булактап:
кыналып түтүн булатсак –
“Ө” деген кызык тамганын
өйдөкү каатын турактап...

БАЛАЛЫКТАН БИР ЧЫМЧЫМ

Беш жашмын, балким, төрт жашмын, балким,
эненин билгем, көппү-азбы, баркын.
Жайлоодон апам кыштакка кетип,
жазылбай койду, өх-х, жакшы жарпым...

Ажылдаар, айтаар таарыныч толук,
атам жүр бизди багымыш болуп:
ат болот – мени мингизип алып,
ит болот – Ав! Ав! Кабымыш болуп.

Каткырбайм – күлсө калдаңдап мага,
каякта дейсиң алданмак ага.
Чал белем, эмне, иччүүдөй кымыз?
Чай кана таттуу? Балкаймак кана?

Сары май же деп – аякта сунат,
саан болду бээ деп баратса – уят.
Аялдар бээни саап берсе – сүттү
агала кылып... чаначка куят...

Одоно – челек куюшу дагы,
одоно – бышып турушу дагы.
Жагымдуу белем ошондон көрө
жалынчы атчан, урушу, жаалы.

Башка үйдөй мен да кабылдап атам,
байкатпай, балким, адырга качам.
Жарашпайт атам азыр не үйгө,
жарашат тура барында апам!

Шалбарга эки колуму салып,
шалпайып тургам боюму жайып.
Торпоктор ылдый сайгактап кетти,
токтошот шекил зоругуп-арып.

- Айдоого барса темтиреп – ойрон, –
артынан кыздар желпинет, – бол... бол...
-Апеже-е, – деп мен чаңырып турдум, –
апамды-ы карай келгиле жолдон?!

Кайдагы сөздү элебей айткам,
каткырды эл-журт желеден кайткан.
Тең-катар күлүп чакалар, сүттөр –
термелген астан, термелген асман.

Күлкүлөр дуулап – эндирей каттым,
култ этип үйгө мен кире качтым.
-Түйүнчөк беле апакең, – шаңк дейт, –
түшүп бир калчу ээринен аттын?

Ата-энем, эжем – күйдүрөөр кептир...
Ал доорду азыр сүйдүрөөр – эстир!
Айткым бар дале дүйнөгө наркы:
“Апамды-ы карай жүргүлө?!” – деп бир...

ЭСТЕЧИ ЭМИ

Жалбырттап сен, сен элең – оюм баары!
Жалгыз саа баштап баскан жолум дагы!
Шилиден ылдый карап турсам – нак мен
шилтенип аткан калем колумдагы!

Кызгантып – иттер карап үргөн багыт,
кыналдың кыналгандай күйгөн жарык!
Дүп этип сени сүзүп алычудай
дүмүргө мүдүрүлсөм – дүйнөм тарып...

Бир-бирин Чыгыш, Батыш беттеп айда-а(!),
бир күүнү Түндүк, Түштүк черткен анда!
Чырактар жарк эткенсип – киргенде сен
чырайга чыга түшчү ресторан да!

Кароодон талбайт элем кечке сени,
калганы кунарсыз деп... эстечи эми –
катыра карап күндү... күндөн кийин
карайлап көрбөгөндөй эчтекени...

Жалбырттап сен, сен элең – оюм баары!
Жалгыз саа баштап баскан жолум дагы!
Шилиден ылдый карап турсам – нак мен
шилтенип аткан калем колумдагы...

ЖИБЕК ЭКӨӨБҮЗ

Күлкү менен, гүл менен саймаландык,
күлгүн чакты күрдөөлдүү пайдаландык –
менеджерлик, мээрбандык даарыгандай
мен жана сен өзүңдү тандап алдык.

Жалбырттаган чакта да чаңда калдык,
жаш куракты жарытпай пайдаландык –
сезимдерди кагазда семиртчүдөй
сен жана мен өзүмдү тандап алдык.

Турмуш сүрүп – достору, тосттору көп,
турмуш сүрүп – карызы, тоскону көп...
Мен буйланган кездерде тоо суусундай
сен жээгимде сеңселдиң токтоо гүлдөп.

Балдар менен таткызып бакыт даамын,
бапыраттың – суюлтпай катыштарым.
Кагаз, калем, китептен башым чыкпайт
калган сымал күнөөгө батып дайым.

Жашап азыр чет жерде – кеме... деңиз...
жаш бүлөдөй жабызбыз дегеле биз!
Делбектеп да, далбактап кеткен жыргал
телефондон чыкканда неберебиз...

БЕЙТААНЫШ

Ар таңда токой – майрамдан бетер!
Адамдар аңсап кайдан да жетер!
Какайып турган карагайлары
каш серпишкенде калдаңдап кетер!

Жүгүргөн арбын, жай аккан арбын,
жүйөсүн айтып талашкан арбын.
Аларга кошсок ойлогондорун –
адамдар анда дарактан арбын!

Көп күндөн көксөп күтөмүн таңды –
көйкөлгөн жанга күдөрүм жанды!
Кокустан эле коштобой калса,
кокуй-ай, анда бүт өмүр жарды.

Шаң менен басат таңы аппак неме,
шашканын көрбөйм алактап деле.
Талпактап биздей жүгүрүп жүрүш
татына жанга жарашмак беле?

Кыстырып-ороп түп жагын чачтын,
кысылган суудай кут-багы ташкын!
Ат куйрук чач деп аташат түрктөр,
ат куйрук, сен жак туштабы бактым?

Дарактын мендей олуту кенен!
Дайыма булбул добушу белен!
Бирине-бири узатып Аны
билинтпей сылайт кол учу менен.

Көзү өтүп турат капкара чачтан,
көсөм жан бирок башты ала качкан!
Алыстан көбү чыдабайт күтүп,
алыстан көбү акмалайт арттан.

Көйкөлгөн жанды көшөрүп анык,
көңүлдө жүрөм көтөрүп алып.
Жүрөктүн түрсүл көбөйөт күндө,
жүгүргөн кезде жөтөлүп-арып.

... Дарактар канча? Ал жок күн канча?
Дайнынсыз-отсуз – бар-жок күн канча?
Тизилтип алып дарактын баарын
тилдедим дейсиң ар жок бир жанча!

Чаңырып-күйүп – түтөгүп буган,
чатакты салдым күчөнүп улам:
-Айткын, – дейм, – Пери каякта жүрөт?! –
Ар бирин ичке күпө-күп урам!

Андан соң бир аз унчуккан жокмун,
алпарып анан урчукка окчун,
ар күндү Ал жок – даракка ар бир
карматып туруп тумшукка соктум!

БУРСА ЧЫНАРЫ

Көп чынарды көрүш маа буюруптур,
көрүп муну – ойлорум бурулуп тур.
Чынардын бул алдыңда – мурдакылар
Чынара аттуу кыздардай туюлуп тур.

Алптыгын айт – көргөндү абдыраткан!
Алды жактар быкбырдай, алды жактар –
үстөл, ийдиш, тамагы менен эл-журт
үстү жактан жаап түшкөн жалбырактар!

Алты жүз жаш – жаңыруу, табынуу экен!
Алдыны аңсап, артты өксөп сагынуу экен!
Кылымды аттап баратып кылчайса артка –
“кырс!” дей түшкөн үч бутак таңылуу экен.

Чынары бул, Бурсанын Чынары бул –
чырагы бул, калкынын чырагы бул!
Чыркыраган чынды айтсак – тулкунда чылк
чыдамы тур, түрктөрдүн чыдамы тур!!!

Шамал-бороон каптаса, о-ой, бир боздоп –
салуучудай Чынарың тоону копшоп!
Туш тарапта бутактар сапарда жүр
туугандарга сунулган колдору окшоп.

Караганда – кайрадан-кайра көзмүн!
Канып тур да, жанып тур айда-аа көкшүн!
Бутагынын үстүнөн буруусу көп
букаларды келүүдө айдап өткүм!

КЫРДА ЖООЛУК ЖЕЛБИРЕП

Кадам сайын өөрчүмөй!
Катар чалкып-көлкүмөй –
келе жаттык кырга биз
келечекти көрчүдөй!

Чындык сымал желпинип,
чыктык кырга энтигип –
мүрөк-аба сунуп шарт
мүнөттөр тур эрсинип.

Ачып аалам алкагын,
албан ойду калчадым.
Бийиктеген өңдөндү
бир кыйлага калпагым!

Тутамдап гүл терди деп,
туу-чокуда берди деп –
кырда сенин жоолугуң
кыялдай тур желбиреп!

Энчи-асманды карачы-аа,
эриктирбес арача –
жайган эки чапандай
жаттык сулап жанаша.

Тең жүгүрсөк – эш кылып,
тең кыйкырсак – текши угуп...
Шамал – көлдүн толкундай
шарп-шарп этет бетке уруп!

Жакшылыктын кут аппак,
жакын келип узак жак...
Кызды, кызгылт Күн экөөн
кырда турдум кучактап!

БИЗДИН КАР

Качантадан катып-куруп жазылбай,
кашкая эми эргип алган акындай –
айлананы баш көтөртпөй ансайын
Анкарада кар жаап жатат басылбай.

Дагы-дагы калды эмнени жашырбай?
Дарактар тур тажагансып баш ыргай.
Алайкуну элестеткин деген го –
Анкарада кар жаап жатат басылбай.

Эң башкысы, заман тынч да, калк эсен,
эс оой сыртты карап турсам майкечен –
сук арттырчу дарак мага суктанып,
сунуп жатат колу-ун... колун: “Байке, сен...”

Табигатың кубулганда – башка анык:
так айнектен кирүүчүдөй как жарып –
чоң бутактар кабат-кабат кар баскан
чочутууда крокодил баштанып.

Тилекматым чуркайт үйдү сапырып...
Тимеле бир кыйкырбаспы чакырып:
-Кар! Ка-ар! Мына! Биздин ка-ар бул! Биздики-и! –
Карап турат балкон ичин ашыгып.

Барсак, көрсөк – сезимтал жан аптыгаар,
бажыракай, бапес, мөлмөл – жатты кар.
Көзү – күлүң... өзү – күлүң... бурчта тур...
Көгүчкөндөй апапакай, акжубар...

АНДА СЕН...

Жөн баспайт элең – секирип-учуп,
жөөлөшө калып, экини нукуп.
Эстээрде дайым кыйшайтып башты,
эрдиңи чукуп – эсиңи чукуп...

Чымылдап келип алганда колдон –
чыкчу эле менин айдалма жоргом!
Алдыга озуп, басчу элең тетир
артыңды – мени кайтарган бойдон.

Кулагын сурооң калдайтып жойлоп–
кудум ай сымал жай калкыйт орноп!
Сунулуп турган боосунан апчый,
сумкеңди а сен айлантып-ойноп...

Өзүңө, анан кезиңе чактап,
өлчөйсүң кийим эзиле мактап.
Текилдеп түшүп тепкичтен ылдый,
тепкичтен өйдө – экиден аттап!

Бийлесек – жарды көчүргөн күчпүз!
Билбесек – барды өчүргөн “жүкпүз”.
Каткырсаң – дайым асманга карап,
калп айтаар элең көзүмө түптүз.

Колуңду ээрчип серпилип денең,
койкоктоп ырдап – келтирип кемел!
Мезгилдей улам багынта бердиң
мен жакшы көргөн кемчилик менен!

Мен болсо – момун, оозумду “м-м-м-м!” жаап,
мээр чачып сага, көзүмдү ымдап,
Жаагымды кашып анда бир санда,
жарп жазаар элем жаннатта жыргап!

ЖАПОНДОР

Жүрөгүн үрөп сүйүнүп,
жүгүнүп ийет, жүгүнүп.
Жүн-жолдо дайым тургансыйт
жүгүрүп леп-леп, жүгүрүп.

Илээшсе – чаңды жүк көрөт,
ич жагын зымдын түш көрөт.
Бир уча, кыргыз, жегиче
бир учак, жапон, бүткөрөт.

Калкагар, түмөн, назары ак,
каптаса – как жер азаят.
Калааны бирок кеткенсийт
кадамы менен тазалап.

Асма жол – айкөл агылга,
ар мүнөт – аянт, камылга.
Ток үстүн кезген өңдөндүк
Токио деген шаарында.

Бар мезгил зорго түтчүдөй,
башталбас иштер бүтчүдөй.
Сансыз жыл турат жылмайып
сапатта жалтыр күзгүдөй!

Жүгүнгөн, күлгөн менен ал,
жүдөтсөң – наамарт, керең ал.
Өзү жок өзүн өзгөртчү,
өзү жок өзүн жеңе алаар.

Ойлордун мында тереңин
океан менен чене миң.
Маңдайы жара чабылган
манчыркоо деген неменин.

Иштеген сайын жашарып,
издеген сайын тазарып,
тебетей, ичик жупуну,
техника менен жасанып!

КЕЗИГҮҮДӨН КЕЛАТАМ

Кадамымдан шык даарып,
кайкыганга ык салып,
Эки бөлөк карекке
элести бир кыстарып –
сүйүнүчтүү келетам
сүйгөн кызым жыттанып!

Ар ирмемде бел ашам!
Ар эстөөмдө кен ачам!
Ылдый ыргып, өйдө өрдөп
ыр алганы келатам.
Кыйла узакта туруп да
кыналганы келетам.

Ар тиктеши – белегим!
Ар күлкүсү – желегим!
Жаркып-жаркып алыстан
жаныш үчүн келемин.
Байкоңурдан учкансып
барыш үчүн келемин!

Айдан дагы кызганып,
айталбастан кысталып,
Ар деминен өнүп мен,
ар кебинен ышкы алып,
Жалындап бир келетам,
жалжал көзүм жыттанып!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidan_Ek
2021-03-30 18:06:25
Айданек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан