SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Нурмамат Жоробаев.
БАЛКИМ БИЗ, БУЛ ТАГДЫРГА ЖАКПАЙ КАЛДЫК
Тар көчө, жамгыр төгүп жууп өткөн,
Эрте жаз, караңгы түн суугу өктөм.
Эркелеп, колтугума жакын ыктап,
Колдоруң бекитесиң сен үшүгөн.
Алгачкы унутулгус сезимдериң.
Жамалың уялыңкы эсимдесиң,
Шашылып айткан элең махабаттын,
Экөөбүз кечип өтчү деңиздерин.
Ортодо бекем сүйүү антын алып,
Ошол түн, сезимибиз айтып жаттык.
Карачы кайда калды, эмне болду,
Махабат күүсүн эми таппай калдык.
Менде эле сага деген сүйүү жалгыз,
Мезгил кууп сезим оту эми алсыз.
Мээрими ошол күндүн элес булас,
Алыстан көрүнгөнсүйт эми жансыз.
Өтөбүз дешкен элек өтө албадык,
Деңизин махабаттын чабак атып.
Турмуштун куу толкуну уруп кетти,
Алыста сүйүү калды өчүп жанып.
Балким, биз бул тагдырга жакпай калдык.
РОССИЯ
Россия көңүл тарткан өлкө экенсиң,
Жашоомдун бир бөлүгүн ээлегенсиң.
Коштошуп, канча ирет кеткен менен,
Магниттей дайым сага кайтып келдим.
Канча чоң өлкөлөргө теңей албайм,
Үшүткөн шамалыңа көнүп калгам.
Көпчүлүк сенин көркүң байкашпаса,
Мен сени жандуу өлкө деп айта алам.
Илгертен эрктүүлөрдүн жери аталган,
Тарыхта көрүнүктүү орун алган.
Түрдүү сөз сен жөнүндө угулса да,
Мен сени нандуу өлкө деп айта алам.
Көп улут Россияда байыр алган,
Жашоомдун бир бөлүгү сенде калган.
Батырган канчалаган мигранттарды,
Мен сени камдуу өлкө деп айта алам!
ЖАШООДО ЖАЛГЫЗСЫҢ
Мезгилге бүтүп канат, убакыт учуп барат,
Мээримсиз мени карайт, тагдырым атаганат.
Не кылдым, не кылбадым, эми кеч оңдой албайм,
Негизи бул заманга, тирүү жан, бир жаралат.
Ичиңде сырларыңды, айтарга адам барбы?
Түшүнүп, түздөп берер, өмүрдө каталарды.
Не болду, не болбоду, жашоонун туман жолу,
Өтөрбүз жалгыздыкта, берилген бул тагдырды.
Тигилип туңгуюкка, издедим акыйкатын,
Тирүүлүк максаттарын, негизин бул замандын.
Кимге айтып, кимди сүйбө, ким менен жолдош болбо,
Түшүндүм бул жашоодо, дайыма жалгыздыгым!
АПАМДЫН ЧАЙНЕГИ
Чай ичип жүргөн экөөбүз тердеп,
Эсиңде бекен апаке чайнек.
Сабы сыныптыр, чоргосу ийри,
Сенин жоктугуң, апам сезилет.
Кечинде жумуш бүткөндө келсем,
Үнүңдү эстейм "кел чай ич" деген.
Нан, майы даяр, чекеде чайнек,
Керемет жашоом көп элестетем.
Колума кармап, өкүнүп ыйлап,
Чайнегиң апам, аарчыдым сыйпап.
Жеңил көтөргөн колуңдун деми,
Дале тургансыйт, көөдөнүм кыйнап.
Апамдан калган көк гүлдүү чайнек,
Оңдотуп эми койдум бапестеп,
Эч кимиң тийбе, мен гана кармайм,
Апам бар күндөр турсун элестеп.