"Бүгүнкү күнүм туугандарымдын курчоосунда өтөт". Эл артисти Динара Акулова 58 жашка толду

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Динара Акулова 58 жашка толду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.

"18ге чыгып жатам. Бүгүнкү күнүм туугандарымдын курчоосунда өтөт. Андан сырткары даярдык көрүп жүрөм. Анткени эртең туулган күнүмдүн урматына көп конокторду чакыргам, конок тосом", - деди ырчы.

Ырчы Динара Акулова Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Караколдогу музыкалык окуу жайын, кийин Бишкектеги искусство институтун бүтүргөн. К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде альт комузда ойногон.

Марат Алыбаевдин “Эй, жазгүлүм”, “Мен сени сүйөм”, “Аккордеон” деген ырларын аткарып, кыргыз элине белгилүү болуп, кийин “Динара” эстрадалык тобун түзгөн.

Белгилей кетсек, ырчы 2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Эл артисти наамы менен сыйланган.

10-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан