Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматтан кетти

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Маалыматты SUPER.KG порталына ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы тастыктады.

"Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарга маалым, мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем. “Ат баспайм деген жерин миң басат” дегендей, тагдыр буйруп өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим", - деп билдирүү жасады Сулайманов.

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bikosh2015
2022-09-27 13:08:00
А.Сулайманов депутат эле болуп иштей бериш керек эле. Бийлик аны алдап койду го деп ойлойм.
0
mira27
2022-09-27 14:42:00
Тилдин учу менен баатыр болгон депутаттар
0
Kylych87
2022-09-27 14:57:00
Ошто Даныяр Жаныкулов бир жакшына иштеп ататго колдон келбесе жон эле дем албайсынбы.
0
munduz2016
2022-09-28 05:19:00
Бизнесиңизди кылат экенсиз да,тынч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан