13 жашар кыздын зордукталышы: Айыптоочу төртүнчү шектүүгө 9 жыл сурады

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда колдон-колго өтүп зордукталды делген 13 жашар кыздын иши боюнча төртүнчү шектүүнүн иши каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабылануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирбек Сатарбек уулу тараптардын жарыш сөзүн укту. Айыптоочу зордуктоого төртүнчү шектүү 19 жаштагы М. у. М.ны "Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыратуусун суранды.

Жараяндын жыйынтыгында соттук отурумду 4-октябрга жылдыруу чечими кабыл алынды. Ал күнкү отурумда айыпталуучу акыркы сөзүн айтуусу керек.

SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган. Бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери, ошондой эле “Дордой” базарында күзөтчү болуп иштеген жаран жана 19 жаштагы дагы бир жаран кармалган.

30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту үч айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, эки милиция кызматкерин 15 жылдан, ал эми "Дордой" базарынын кароолчусун 10 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын ар бири 100 миң сомдон моралдык компенсация төлөөгө милдеттендирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maria87
2022-09-27 19:02:00
Кыздарды кысымга алуу жылдан жылга күчөп бара жатат. Өзгөчө диний түшүнүктөрдү жамынып алып кыздарды психикалык, физикалык басымга алууну токтотуу керек
0
zam81
2022-09-28 10:05:00
Омурбойу сурагы жок камалат деген мыйзам болбой калды ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан