Баткенде зыянга учураган имараттарды тактоо боюнча 31 ыкчам топ иштеп жатат

Баткен облусундагы зыянга учураган имараттарды, үйлөрдү тактоо боюнча ыкчам тергөө топтору иштеп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда чек арадагы куралдуу чыр-чатактын кесепетинен бардык өрттөнгөн коомдук жайлар, ишканалар, имараттар, айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган мүлктөр эсептелип, такталууда.

"Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 31 ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Баткен облусундагы зыянга учураган, талкаланган, уурдалган, зыян тарткан бардык фактыларды адилет, так, ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин жүргүзүүнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов көзөмөлдөп жатат.

Ыкчам-тергөө топтору ИИМдин, Башкы прокуратуранын, Аскер прокуратурасынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, жеринде иштөөдө. Андан сырткары чек ара тилкелеринде милициянын атайын күндүзгү жана түнкү кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.

Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун Баткен ОИИБинин өздүк курамы ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары, башка облустардан кошумча тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте камсыздашууда. Баткен облусунун Лейлек, Баткен районундагы айылдардагы аскер кызматчылары менен милиция кызматкерлеринин ишин жөнгө салып, тиешелүү тапшырмаларды министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов берип, Баткен облусундагы абалды толук көзөмөлдөөдө", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан