Чүйдө 11 жаштагы Кутман Тулемышев изделүүдө. Ысык-Ата РИИБи аны табуу үчүн элден жардам сурайт.
Милициянын маалыматы боюнча, Кутман Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылынын А.Сакебаев атындагы мектебинин 6-классынын окуучусу. 19-сентябрь күнү мектепке деп чыгып, биринчи сабактан кийин Бишкек шаарына компьютердик клубга ойнойм деп чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара.
Кийген кийимдери: ак түстөгү жеңи кыска көйнөк, кара шым.
Урматтуу жарандар! Кутман Тулемышевдин жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо 0555038315, 0701153521, 0507102012 телефондору аркылуу байланышсаңыз болот.