Бишкек шаарында асфальт жолду булгаганы үчүн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалар курулуш аянтынан чыгып, асфальт жолду булгашкан.
Милициянын кайгуул кызматы бул үчүн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына 7500 сомдон айып пул салган.