Өмүрбек Бакировдун 7-кабаттагы кабинети өзүндө кала турган болду

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун 7-кабаттагы кабинети мындан ары да өзүнө таандык бойдон кала турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына эл өкүлү өзү билдирди.
Бүгүн Бакировдун кабинетинен чыгаруу маселесин иликтей турган комиссиянын корутундусу жабык эшик артында каралды.
Анын айтымында, кабинетинен чыгаруу маселесин иликтей турган комиссия корутунду чыгарды. Натыйжада мыйзам бузуу болгондугу аныкталып, президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы иштен алуу сунушталды.
Комиссиянын корутундусун парламент жактырып, Министрлер кабинетине Үсөнованы кызматтан кетирүү сунушу берилгени маалым болду.
Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишим долбоору каралган. Анда депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен.

Андан кийин парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго ал отурган 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште талкуу болуп, депутаттар аталган маселе боюнча тийиштүү кызмат адамдары келип жооп берүүсүн талап кылган.

Андан соң 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселесин иликтей турган депутаттык топ түзүлгөн. Анын курамына Чынгыз Ажыбаев, Алишер Козуев, Талант Мамытов, Эмил Жамгырчиев, Айсара Абдибаева, Динара Ашимова, Гуля Кожокулова, Ырысбек Атажанов кирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан