Бишкекте жана Жалал-Абадда иске ууланып эки адам каза болду

Бишкекте жана Жалал-Абадда иске ууланып эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 4-январга караган түнү Бишкектин Свердлов районунун Ак-Бата конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 23:38де чектөөгө алынып, саат 23:58де толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн аянты 30 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган устундары, рейкасы, диван жана төшөнчүлөрү күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 47 жаштагы К.Б. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып, каза тапкан. Өрттүн себеби такталып жатат.

Ушул эле күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 06:12де чектөөгө алынып, 07:01де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 54 чарчы метр шыбы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 51 жаштагы Ч.З. аттуу эркек киши иске ууланып, каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Буга чейин Баткендин Кадамжай районунда түн ичинде бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү иске ууланып каза болгону айтылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан